Дыйкандар армиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«Дыйкандар армиясы» – 1918-ж. жайында Жалал-Абад аймагындагы Көгарт өрөөнүндө басмачылардан коргонуу максатында түзүлгөн майда кошуундар бирикмеси. «Дыйкандар армиясы» Фергана облустук штабына баш ийген. Бирок аскер комиссары Осиповдун көрсөтмөсү боюнча «Дыйкандар армиясынын» катарына ак гвардиячы офицерлер кирип алып, Совет бийлигине каршы козголоңдорду уюштурушкан. 1919-ж. июлда «Дыйкандар армиясынын» жетекчилери кулак Монстров, штабдын начальниги генерал Муханов, корбашы Мадаминбек макулдашып, сентябрда Ош менен Жалал-Абадта Совет бийлигин кулатышкан. Анжиянды курчап, ала албай коюшкан. Бирок Кызыл Армиянын бөлүктөрү козголоңчуларды талкалаган.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.