Дэнни-фантом

Википедия дан

"Дэнни-фантом" (англ. Danny Phantom) – Бутч Хартмандын Nickelodeon каналына арналган америкалык мультсериалы. Billionfold Studios аркылуу экранга чыккан, мультсериалдын Канадада жайылтуусуна Nelvana канадалык мультфильм компаниясы жоопту. Бул мультсериал тирүү адамдар жана "Арбактар аймагы" арасында күтүлбөстөн пайда болгон порталга кокустан түшүп арбак-адамга айланып, алдында күтүп жаткан арбактардын чабуулдарынан укмуштуу күчү менен өз жашаган шаарынын (жана дүйнөнү) куткаруу максатын алган өспүрүм баланын окуясы баяндалат. Дэнниге анын эки жакын досу жардам берет кийинчирээк, алардын иретине бир канча сериялар бою инисинин эки дүйнөдө жашаганын билбеген Дэннинин улуу эжеси да кошулат.

Мультсериалдын бетачары 2004-жылы 3-апрелде өткөн, анын биринчи эпизоду 2004-жылкы Kids' Choice Awards сыйлыгынын аземинден кийин биринчи жолу экрандарга чыгып 2007-жылы 24-августта аяктаган, жалпысынан мультсериалдын 53 эпизоду үч сезон ичинде чыккан. "Дэнни-фантом" сынчылар жана көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланган, мультсериалдын каармандары, комикс китебине таасир кылган темалары жана окуянын сюжеттери өзгөчө мактоого татыктуу болгон. Хартман "Дэнни-фантом" The Fairly Odd Parents мультсериалына салыштырмалуу кыска мөөнөткө созулса дагы бул мультсериалды өзүнүн эң популярдуу жана белгилүү эмгеги болгонун белгилеген. "Дэнни-фантом" артынан көптөгөн видео оюндар, үй видеолору, оюнчуктар жана башка буюмдардын өндүрүүсү башталган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]