Дүйнөгө көз караш

Википедия дан

Дүйнөгө көз караш - объективдүү дүйнөгө болгон көз караштардын системасы жана адамдардын турмуштагы орду, мамилеси жөнүндөгү түшүнүк, ошондой эле алардын негизги турмуштук позициялары менен ишенимдери, идеалдары менен принциптери.

Көз караштар системасына дүйнө жөнүндө түшүнүктөрдүн баары эмес, алардын чегине жете жалпылангандары гана кирет. Дүйнөгө көз караштын маңызы философиянын негизги маселелеринин чечилишине жараша болот. Дүйнөгө көз караш - коомдук жана жеке аң-сезимдин чордону. Аны иштеп чыгуу жеке адамдын гана эмес, белгилүү социалдык топтун, коомдук таптын жана анын партиясынын жетилгендигин көрсөтөт. Тигил же бул көз караштардын пайда болушу коомдун материалдык турмушу менен шартталат. Дүйнөгө көз караш күнүмдүк, диний жана филос. болуп бөлүнөт. Дүйнөгө көз караш демейде «дүйнөнүн жалпы элеси», «дүйнөнү сезүү», «дүйнөнү кабыл алуу», «дүйнөнү таануу» деп да айтылат. Бирок булардын окшоштугу менен катар айырмачылыктары да бар. «Дүйнөнүн жалпы элеси» - адамдардын жаратылыш жана социалдык чындык жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн туюндусу. Тышкы дүйнөнүн адамга тийгизген тааснрин сезүү, кабыл алуу түрүндо дүңүнөн баамдоосу калган түшүнүктөрдү түзөт.

Дүйнөгө көз караш күнүмдүк турмуштун жүрүшүндө калыптанып, укумдан-тукумга өткөн карапайым денгээлде да кездешет. Дүйнөгө көз караштын мындай түрү илгерки кыргыздарда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.