Дүйнөлүк валюта тутуму
Көрүнүш
Дүйнөлүк валюта тутуму – эларалык экономикалык байланыштар шарттаган валюта-экономикалык мамилелердин жыйындысы. Д. в. т-н түзгөн нерселер: эларалык төлөм каражаттарынын белгилүү топтому (улуттук, чет өлкөлүк, эларалык жармакташ валюта); валюта курсун жана валюта теңдештигин камтуу менен валюта алмаштыруу режими; өтүмдүүлүк шарттары; эларалык жүгүртүүдөгү валюталык-төлөм каражаттарын камсыздоо жолдору; эларалык эсептерди регламенттациялоо жана бирдейлөө түрлөрү; валюта менен алтындын эларалык базар режими; эларалык жана улуттук банк мекемелеринин тармагы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7