Мазмунга өтүү

Дүйшалиев Камчыбек

Википедия — ачык энциклопедия

Дүйшалиев Камчыбек (3. 3. 1944-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) – музыка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору (1991), профессор, КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993). Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын (1964), Курмангазы атындагы Алматы консерваториясынын тарых-теория факультетин (1970) бүтүргөн. Дүйшалиев кыргыз музыкасынын теориялык негиздерин иликтеп чыккан, музыка таануунун түрдүү жанры боюнча адис. Анын «Киргизская народная песня» (М., 1982), «Композиторы Киргизии» (авторлош, 1984), «О киргизской народной музыке» (1984), «От съезда к съезду» (1986), «Песенная культура кыргызского народа» (1993), «Кыргызское народное музыкальное творчество» (Е. Лузанова менен бирге, 1999), «Кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармачылыгы» (2002) аттуу китептери, кыргыз музыкасы жана музыканттары жөнүндөгү көптөгөн илимий макалалары жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1