Мазмунга өтүү

Жамийла Дүйшеева

Википедия — ачык энциклопедия
("Дүйшеева Жамийла‎"‎ барагынан багытталды)

Дүйшеева Жамийла (1919, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы – 2006, ошол эле жер) – механизатор, Социалистик Эмгектин Баатыры (1957). 1942-жылдан Талды-Суу МТСинде комбайнчы жана тракторчу, Түп районундагы Ленин комсомолу атындагы колхоздо (азыркы «Мырза-Белек» айыл чарба коллективи) бригадир болуп иштеген. Ал 1955-ж. комбайн менен 231 га эгин чаап, 2795 ц, 1956-ж., ошол эле аянттан 3007 ц дан бастырган. 1957-ж. 19 жумуш күнүндө 250 га эгин оруп жыйнаган. 1959–63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1