Дүйшеев Кеңешбек Муктарович

Википедия дан
Дүйшеев, Кеңешбек Муктарович‎»‎ барагынан багытталды)

Дүйшеев Кеңешбек Муктарович (2. 6. 1963-ж. т., Кочкор району, Кочкор айылы) боксчу, СССР чемпионатынын 2 жолку байге ээси (1989—1991), Кыргыз Республикасынын 7 жолку чемпиону.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1981-ж. №15 кесиптик-техникалык окуу жайын, 1989-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүткөн. 1990-жылдан Бишкекте машыктыргыч. Бокс менен 11 жашынан баштап машыккан. Түркия, Индонезия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.