Дүйшекеев, Өмүркул

Википедия дан

Дүйшекеев Өмүркул (15.7.1934-ж. т., Ат-Башы району, Кара-Суу айылы) — зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору (1993).

1958- ж. Кыргызстан айыл чарба институтун, 1963-ж. Кыргызстан мал-чарба илимий-изилдөө институтунун аспирантурасын бүткөн.
1964—67-ж. Түштүк Кыргызстан мал чарба тажрыйба станциясында директордун орун басары, 1967—70-ж. Кыргызстан мал чарба илимий изилдөө институтунун илимий кызматкери, 1970—92-ж. Республикалык мал асылдандыруу станциясынын директору, директордун орун басары, 1993-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий изилдөө институтунун уй чарба боюнча бөлүм башчысы, ошол эле учурда 1995-жылдан Кыргызстан агрардык академиясында окутуучу.

Илимий эмгектеринин негизги багыты асыл тукум уй чыгаруу жана аларды өркүндөтүү. Эт-сүт багытындагы кара малдын асылдуулугун арттыруу боюнча чоң салым кошкон. Ала-Тоо тукумундагы уйлардын сүттүү тибин жана жаңы заводдук линияларын (зоот уй) чыгарган. 82 илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография) автору. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.