Дүйшөкан Мукамбетова

Википедия дан

Көрүнүктүү журналист, жазуучу, публицист, "Кыргызстан маданиятына эмгке сиңирген ишмер"  ардак наамынын ээси Дүйшөкан Мукамбетова 1935-жылы 23 декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында туулган. 1951-жылы айылдагы жети жылдык мектебин бүтүргөн соң Фрунзедеги N5 кыргыз орто мектебине кирген. Аны аяктагандан кийин В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтуна өтүп аны артыкчылык диплому менен бүтүрүп, ошол эле окуу жайында мугалим жана комсомол комитетинин катчысы болуп 1960-жылга чейин иштеген. Ошол жылдан тартып жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинин адабий кызматкери, бөлүм башчысы болуп, өмүрүнүн сегиз жылы ушул редакциянын жааматында  өтүп, журналисттик чыгармачылыгы калыптанган. Бул мезгилде республикадагы жаштардын саамалыктуу иштери жана алардын өлкөнүн экономикалык-социалдык байлыгын арттыруудагы демилгелери туурасында жалпыга таасирдүү публицистикалык макалаларды жазган.
Окурмандар "Айылыбыз жалгыз теректе", Жашоо кызык тура", "Адам жана жүрөк", "Өмүрдүн бир саамы", "Бийиктеги жаңырык", "Зоокага кеткен жол", "Нарынга түшкөн алгачкы таш" атту публицистикалык көлөмдүү терең маанилүү көркөм чыгармалары ошол кездин улуу күжүрмөн курулушу- Токтогул ГЭСи жана анын куруучулары, кайраттуу адамдары жөнүндө макалаларды кызыгуу менен таанышкан. Замандын ал курулушунун тарыхын изилдегендерге чоң көмөк берүүчү макалалар болуп калуучу деңгээлде изилденип жазылган. Улуттун салт-санаасы, каада-салтын, эскинин калдыгы дегенге карабай тайманбай басма бетине алып, калктын калың катмарына жеткизген. Азыркы күндө тарыхтын тасмиясы боло албай өтүп кеткен таланттуу инсандардын дарегин изилдеп, "Татаал тагдыр издери", "Чыгармачыл аялдардын мүшкүлү", "Эсте калчу элеттүү бейне кайда?", "Таза дүйнөдө өмүр өтөбөйлүбү?" жана дагы турмуштук көптөгөн көйгөйдү камтыган публицистикалардын автору.
1967-жылдан баштап "Кыргызстан аялдары" журналынын бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1970-жылы Ысык-Көл областы жаңы уюшулганда, областтык "Ысык-Көл правдасы" гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп, үй-бүлөсү менен Пржевальск (Каракол) шаарына көчүп кетишкен. Андан соң партиянын Ак-Суу райондук комитетинин катчысы болуп дайындалган. 1974-жылы борбордогу "Коммунист" журналынын бөлүм башчысы катары жиберилип, кайрадан Фрунзеге кайткан. Кийин "Кыргызстан аялдары" ("Ала-Тоо айымы") журналында он жети жылга жакын убакыт башкы редактор болуп иштеп ардактуу эс алууга чыкканга чейин ошол редакцияда эмгектенип келген.
Журналист-жазуучу Дүйшөкан Мукамбетова журналистикада, адабиятта чыгармачылык менен жигердүү изденип иштеди. Атасы Мукамбет Улуу Ата-Мекендик согушка биринчи күндөрдөн баштап катардагы жоокер болуп кетип, өзү болсо көп балалуу үй-бүлөнүн тун кызы болуп, ошол жылдардагы элибизге түшкөн ачкачылык, жалпы кыйынчылыктарды толугу менен башынан өткөрдү. Ошондон улам "Талаадагы издер", "Ата жолу ар намыс", "Тоо жылдыздары", "Даңкка жараша жүк" сыяктуу көркөм-публистикалык китептери, "Кыз уулу Мурас", "Таштагы мең", "Жашыл барик сабалды" повесттер, аңгемелер жыйнагы, башка көптөгөн аңгемелерди жазып, Улуу Уруштун учурунун мерчемдүү мезгилин камтыйт. Согуш учурунун балдарынын катаал тагдыры, калктын каардуу мезгилдеги көтөргөн турмуш сыны, ага туруштук берүүдөгү кайраты ишенимдүү көркөм сүрөттөлгөн.
Андан сырткары, көркөм котормодо да талантын, чыгармачыл күчүн сынаган. Азербайжан жазуучусу Халида-ханум Гасилованын "Сирен бутагы" жыйнагы, бурят-монгол жазуучусу Н. Матханованын "Коломтонун оту өчпөсүн" повестин которуп кыргыз окурмандарга жеткирген. Тестиер балдардын  дүйнөсүнө арналган "Мен космоско чыгам" деген китеп да кыргыз тилине ушул чыгаан журналисттин эмгеги менен жарык көргөн.
Чыгармачыл изденүү менен катар өмүрүнүн көпчүлүк учурун коомдук иштерге активдүү катышуу менен өткөрүп келген. Өз убагында комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин бюро мүчөсү, республикалык борбордук комитетинин мүчөсү, Ак-Суу райондук Кеңешинин депутаты, партиянын райкомунун бюро мүчөсү, Кыргыз Улуттук Академиясынын терминалогиялык комиссиясынын, республикалык "Кыргыз тили" коомунун мүчөлүгүнө шайланган. Кыргызстандагы Аялдар комитетинин, кийин түзүлгөн Аялдардын эл аралык Конгрессине мүчө болду. 1980-1990-жылдары Москвадагы Тынчтык фондусунун эл аралык Ассоциациясынын Кеңешинин мүчөсү, ошол эле жылдары Кыргыз республикасынын Тынчтык фондунун төрагасынын орун басары.
1967-жылдан тарта Журналисттер Союзуна мүчө, анын үч жолку съездинин делегаты болгон. Кыргыз республикасына өзгөчө эмгеги сиңген пенсионер-ардагер, өз убагында көп жылдар бою Кыргыз улуттук университетинде студенттердин журналистика чеберчилигине даярдоо практикалык иште жетекчи болуп жоон топ журналисттерди тарбиялаган.
Үй-бүлөсү тууралуу.
Жолдошу- Кырманчы Султанов (1934-2018), полковник. Өрткө каршы кызматында 40 жылдан ашык кызмат өтөгөн.
Уулу- Кубандык (1960), неберелери- Руслан (1988), Аман (1989), чөбөрөсү Кутман (2015).
Уулу- Улан (1964), неберелери- Жайна (1989), Нурзада (1992), Дастан (1998).