Өмүркул Дүйшөкеев

Википедия дан
Дүйшөкеев Өмүркул‎»‎ барагынан багытталды)

Дүйшөкеев Өмүркул (1934-ж. туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (1993), профессор (2002). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2000). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1958), Кыргызстан мал чарба ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1964). Республикалык асыл тукум мал өстүрүү чарбасында зоотехник, Түштүк Кыргызстан тажрыйба чарбасында директордун орун басары. Кыргызстан мал чарба илимий-изилдөө институтунда илимий кызматкер, директор, директордун орун басары, Республика мамлекеттик асыл тукум станциясынын директорунун орун басары, 1994-жылдан Кыргыз малчарба илимий-изилдөө институтунда бөлүм башчы. Бодо малдын физиологиясы, эмбриологиясы, генетикасы боюнча адис. Ал 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинеде 4 монография, 7 ойлоп табуунун автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1