Майымбет Дүйшөналиев

Википедия дан
Дүйшөналиев, Майымбет‎»‎ барагынан багытталды)

Майымбет Дүйшөналиев - (1927-2001).

Ал 1927-жылы 17-мартта Кемин районунда Чым-Коргон айылында төрөлгөн. Атасы Түлкүбаев Дүйшөналы, апасы Үмөталиева Ажар деген адамдар болушкан. 1943-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин, Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтуна кирип, аны 1957-жылы аяктаган. Чым-Коргон айылындагы ветеринардык станцияга жетекчи болуп барат. 1962-1964-жылдары Алчалуу колхозунда башкы дарыгер болуп бир топ жыл иштеп турду. 1964-жылы Кемин районундагы ветеринардык станцияда эпизоотолог болуп эмгектенди. Ар бир иштин ысык-суугу, күңгөй-тескейи болот эмеспи. Тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды артка калтырып, эмгегинен баар тапты. "Оорудум-талдым" деп дарт баскан жерин билдире албаган тили жок макулуктардын ылаңын тапчу, дарылачу. Малы менен жаны бирге адамдардын ыраазычылыгына татычу. Өмүр бою мал доктур кесибин арка-лап жүрүп, ардактуу эс алууга чыкты. Кемин районунун мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө салымын кошту десек болот. Ак дилден кылган эмгеги мамлекеттик деңгээлдеги Ардак грамоталар, сыйлыктар менен бааланды. 1947-жылы өзүнүн айылдашы Иманалиева Арсар Иманалиевна менен үй-бүлө курушкан. Төрт уул, үч кызга жогорку билим беришти. Уулдары Асылбек Ысык-Ата РЭСинин башчысы, Кадырбек архитектор, Алмазбек, Кубанычбек Чым-Коргон айылында жер өздөштүрүп, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Кыздары Сатира Кемин районунун мектебинде директор, Кызы Айнура Токмок шаарында дарыгер, Зульфия мектепте мугалим. Жыйырма бир небереси, бир чөбөрөсү бар. Жубайы Арсар Орловка тигүү фабрикасында көп жылдардан бери эмгектенип, көптөгөн Ардак грамоталардын, ордендердин ээси.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы.Б.,-2007-ж.