Дүйшөн Оморов

Википедия дан

Дүйшөн Оморов (1933-1998) - Кемин районунун Кайыңды айылында туулган.

Дүйшөн Оморов (65 жаш)

Дүйшөн Оморов 22 жашында мектептин директору болуп, өмүрүн билим берүү ишине арнаган. Учурунда мектеп статусу эң жогору болуп, мезгилге ылайык, ал кыргыз элинин билим дэгээлинин жана жалпы эле турмушунун чукул өзгөрүшүнө зор салым кошкон.

1937-жылы Дүйшөн Оморов төрт жашында жетим калып, Азимжан-апа багып чоңойткон. Иш сапары 1952-жылы Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайы болгон Фрунзе мугалимдер институтун бүтүргөндөн кийин башталган. Кийин бул окуу жайы Кыргыз мамлекеттик университетине (КМУ) айланган. Дүйшөн Оморов КМУнун толук курсун бүтүргөндүктөн, «Математик, преподаватель математики» деген адистикке ээ болгон.

Дүйшөн Оморовду элдин билимин жогорулатуу максатында, Чоң-Кемин өрөөнүнүн ар кайсы мектептерине директор кылып жөнөтүшкөн.

Терең билимдуу жана биринчи баскычтагы математик болгондуктан, Дүйшөн Оморов өзүнүн шакирттерине эң соңку багыттарды берип, билимге болгон кызыгуусун артырганга жетише алаган. Ошонун себебинен көптөгөн окуучулары ар-кыл адистиктер боюнча чоң ийгиликтерге жетишишкен. Алар бүгүнкү күнгө чейин «биздин агай» деп аны эскерип келишет.

Төрт уул жана беш кызды тарбиялап чоңойткон. Алардын бирөө атасынын бөтөнчө математикалык жөндөмдүүлүгүн улап, учурунда букткул союздук математика олимпиадасында жеңүүчү болуп, андан соң СССР жана бүткүл дүйнө илиминин чордону болгон атактуу физтех (МФТИ) окуу жайына кабыл алынып, аны кызыл диплом менен бүтүргөн. Бүгүнкү күндө ал белгилүү эл аралык экономист-математик.

Дүйшөн Оморов өзнүн бөтөнчө табыгый-психологиялык талантты менен элдин ар-кыл катмары менен терең тил табыша билген: совхоз чарба директорунан чабанга чейин, фрунзелик чиновниктерден москвалык профессорлорго чейин. Элдин эскерүүсүндө, мына ушул сапаттары аны зор ийгиликтерге алып келген.

.

.

.

.

.

( На основе записей «Бишкек. 24 января 2003 г. Группа «Поддержка ярких личностей». :)