Дүйшө Жанай уулу

Википедия дан

Дүйшө Жанай уулу (1887, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы —1983, ошол эле жер) — манасчы. Кыпчак уруусунан. Сабатсыз болгон. Д. элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жамактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган диний ырларды, дарым, бата, ырым-жырымдарды үйрөнүп айтып жүргөн. Аны "Манас" эпосу өтө кызыктырып, манасчылардан берилип угуп, өзү да айта баштаган. Жаш кезинде Сагымбай Орозбак уулунун "Манас" айтканын көргөн. "Манас" айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат (түшүнө Бакай, Кыргылчал, Сыргак кирген). Д. уктап калган учурда түшүндө бирөө үн салып Бакай келаткандыгын айтат. Аны караса ак чепкен кийген, бетинен каны тамган, ак сакал, ак жуумал киши экен. Анын артынан Кыргыл келет. Мойну бир колтук болгон, бети тегерек, муруту чыга элек сары багылдыр жигит экен, ал өтүп кетет. Ошол түштөн кийин "Манас" айтып калган экен. Д. "Манастын төрөлүшү, балалык чагы, Алтайдан көчүшү", "Жети кандын кеңеши", "Айчүрөктүн түшү" сыяктуу эпизоддорду айткан (Кол жазмалар фондусу, 258-инв., 281-б.). "Көкөтөйдүн ашын" кара сөз менен кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын курулушу, айрым ситуациялык көрүнүштөр, мотивдик байланыштары боюнча Д-нүн варианты негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын. Д. "Манастын төрөлүшү" эпизодун башкы баатырдын төрөлүшүнөн баштап, Айкожодон аманатын алган жерине чейин айткан. "Жети кандын кеңеши" эпизодунда кандардын Манаска элчи жиберип анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөп берген жерине чейин баяндалат. "Айчүрөктүн түшүндө" Айчүрөктүн Семетейдин чоролору Күлчоро менен Канчоронун келиши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Д-дөн мындан тышкары элдик оозеки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4