Дүң эмгек акы

Википедия дан

Дүң эмгек акы - мындай акы менчик формаларына көз каранды эмес бардык категориядагы чарбалык бирикмелерди камтыйт.

Бул эмгек акы фондусун (эмгекке төлөөнүн фондусу) жана эмгекке төлөө фондусуна жана жумушчулардын, кызматкерлердин фондусуна кирбеген бир жолку берилүүчү сыйлык жана эмгек акы түрүндөгү башка кирешелерди (эмгек келишими боюнча каралган пайдада кошулууну киргизгендер), кооператив кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө, аскер кызматкерлеринин жабдууларынын, тармактарынын жана жалдангандардын эмгек акысын төлөө, комиссиондук, чайлык төлөмдөрдү камтыйт.

Социалдык камсыздандырууга ишканалардын жана уюмдардын анык чегерип төлөп берүүлөрү төгүмдөрдөн турат да, алар ишканалар, уюмдар тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн жасалат. Бул төлөмдөр пенсияларды, жөлөк пулдарды төлөө калкты туристтик-курорттук жайларда тейлөө үчүн каражаттардын негизги булагы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9