Дөбөлүү, Нарын району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Айыл
Дөбөлүү
Дөбөлүү
Район Кыргызстан
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1254 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Дөбөлүү, Нарын району (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Дөбөлүү (кырг. Дөбөлүү) — Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы кыштак. Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 19 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 205 км. Кыштак 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1280 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.[1]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.