Дөдөмөл, Тоо

Википедия дан

Дөдөмөл тоосуМолдо тоонун түштүк тармагы. Чамынды жана Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 20 кмге созулуп жатат. Ак-Талаа районун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орточо бийиктиги 1700– 2100 м, эң бийик жери 2767 м (Караларча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түштүк- чыгыш капталы кыска жана тик (60–80°), ал эми түндүк-батыш капталы узун.

Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы. Тоонун бийик түндүк-чыгыш бөлүгү карбондун кумдук, сланец, алевролит, конгломерат, кремний, жапыз түштүк-батыш бөлүгү неогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа жана талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу. Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]