Дөөлөтбек Турдумамбетов
Дөөлөтбек Турдумамбетов (1934-ж. т., Карасуу айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1997).
- 1956-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн.
- 1956-61-ж. Токтогул районундагы мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы,
- 1961-70-ж. Ош облустук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Өзгөн райондук,
- 1970-89-ж. Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы,
- 1989-жылдан Токтогул районундагы Ломоносов атындагы мектептин директору. Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1967). Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5