Дөө, жалгыз көздүү дөө

Википедия дан

Дөө, жалгыз көздүү дөө (латынча Циклоптор )— маңдайында жалгыз көзү бар алп мүчөлүү, ченемсиз кара күчкө ээ мифологиялык кейипкер. Дөөлөрдүн образы дүйнөдөгү бардык эле элдерде, асыресе чыгыш оозеки адабиятында көпчүлүк учурда туруктуу тескери тип, жагымсыз элес катары сүрөттөлөт. Жалгыз көздүү дөөлөр негизинен адамдарга окшошуп турса да, алардан өзгөчөлөнүп кебетеси коркунучтуу, кай биринин бир нече башы болот. Дөөнүн тулкусун бүтүндөй жүн баскан. Алардын сыйкырчылык касиети да бар. Көп учурларда Дөөлөр түнт токойлордо, коркунучтуу үңкүрлөрдө, кээде белгилүү бир өлкөлөрдө бийлик жүргүзөт. Күч менен топтолгон байлыктын да ээси болушат. Тарыхчылардын далилинде жалгыз көздүү дөөлөрдү — аримаспалар дейт. Арима скифче — бир, спу — көз деген түшүнүктү берет. Мына ошол аримаспа жалгыз көздүү дөөлөрдүн мекени байыркы маалыматтарга караганда чыгыш Урал менен Алтайдын аралыгында жайгашкан. Ушул чөлкөмдө жашаган элдердин таасири, карым-катнашы аркылуу мифологиялык бул образ кыргыз фольклоруна киргендиги шексиз.

Фольклордук чыгармаларда чагылдырылган жалгыз көздүү дөө тибиндеги жомоктук-фантастикалык жандыктарга каршы күрөшүү сюжети негизинен мифологиялык фондо берилген. Мындай мүнөздөгү эпикалык аракеттерди байыркы доордун баатырдык жомокторунун бири "Одиссеянын" терс каарманы Полифем дөө (циклоп) жөнүндөгү эпикалык сюжеттен көрүүгө болот жана жалгыз эле гректердин маданиятында кездешпестен дүйнөлүк фольклордо кеңири учураган орток сюжетти түзөт. Айрыкча чыгыштын жомокторунда (иран, араб жана башкалар) дөөлөр өтө көп катышкан кейипкерлердин бири. Кайсы гана элде айтылбасын алар адамдардын душмандары. Кишинин эти менен тамактанышат. Кишилерди уурдап кетип же колго түшүрүп алып, шишкебек кылып жейт.

Орто Азия элдеринин чыгармаларында жалгыз көздүү дөөлөрдү сокур кылып өлтүрүү сюжети академик В. М. Жирмунскийдин маалымдоосунда алтайлык версияларды кошпогондо ондон ашуун. "Манас" эпопеясындагы жомоктук-фантастикалык кейипкерлердин ичинен өзгөчө орун жалгыз көздүү дөөлөрдүн образына таандык. Эпикалык душман чегине барган Алмамбет баатырдын баяндоосу боюнча жалгыз көздүү дөөнүн мифтик образы мындайча элестетилет:

Калдайып туман сөгүлгөн,

Тетиги дүмүрөйүп көрүнгөн

Жалгыз көздүн эли бар,

Каарына алганда

Каршылашар чеби бар,

Ошол чептин ичинде

Алышса адамдын алы жетпеген

Атышса огу өтпөгөн

Жалгыз көз Малгун шери бар.

Орноткон калаа жөөсү ошол

Ойло Чубак кырааным

Ошондо жаткан жол тосуп

Жалгыз көздүү дөөсү ошол ( Саякбай Каралаев, 2. 92). манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантында:

Макел дөө дегендин

Баянын айтып берейин

Ант ургурдун өзү бар,

Бакыраят ачылса,

Маңдайда жалгыз көзү бар.

Адам уулу билгисиз,

Аркы-терки сөзү бар.

Байкаса адам үн өңдүү

Оозун ачып сүйлөсө,

Обо жарган обозу

Күркүрөгөн күн өңдүү,

Азат бойдон чыккан түк

Апсайган аюу жүнү өңдүү,

Аңдап көрсө дидаары

Ажыдаар түрү өңдүү (Сагымбай Орозбаков, 4. 224),— деп сүрөттөлөт.

Эпостогу жалгыз көздүү дөөлөрдүн образынын эволюциялык өнүгүшү Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда даана байкалат. Мында жалгыз көздүү дөө катышкан эки эпизоддун биринчисинде (Кутубий баш болгон мергенчилерге жолуккан Адамдүк аттуу дөө) образдын жөө жомоктук элеске жакын турган үлгүсү берилсе, экинчисинде ("Макел дөө" эпизодундагы Макел) ошол элестин эпикалык душман колунун башчысына айлануудагы өткөөл мезгили баяндалган. Ал эми жалгыз көздүү дөөнүн эпикалык душмандардын кол башчысына толук өткөн элеси Саякбай Карала уулунун вариантында берилет, ал Көк-Бука минген Малгун дөө. Жалгыз көздүү дөө тибиндеги элестин өзүнө таандык ички жана сырткы белгилери бар. Алардын орчундууларына булар кирет: адатта дөөлөр адам баласы көп жүрбөгөн, жолу татаал, же алыс жерлердеги тоонун үңкүрүндө жашашат, киши этин жейт, курал пайдаланбайт, куралы болгон күндө да өтө жөнөкөй мүнөздө болот (мисалы, союл, таш жана башкалар). Өзгөчө чоң көлөмгө жана чексиз кара күчкө ээ, бирок акыл деңгээли чектелген, алар оңойлук менен өлбөйт.

Д-лөр тоонун ээси болуудан башка оорунун, өлүм-житимдин да ээси — духу. Бул жалгыз көздүү дөөлөрдүн адам этин жегендигинен, башкача айтканда өлүмгө себепкер болушунан ачык көрүнөт. Ушул белгиси аркылуу алар адамга, болгондо да бардык адамдарга өтө коркунучтуу тескери күчтөрдүн тибине жатат. Ошон үчүн баатырдык эпостордун алгачкы үлгүсүнүн туруктуу терс кейипкери болгон антропоморфтук типтеги жалгыз көздүү дөөлөр конкреттүү бир элдин душманы болбостон, жалпы адамзаттын эң коркунучтуу душманы катары мүнөздөлөт. "Манас" эпосунун "Дөө-пери жомогунда" баяндалган жалгыз көздүү Адамдүк дөө мына ушундай типтин бири. Мындай сюжет түрк-моңгол фольклорунда кеңири кездешет. Демек, аң-сезими али өсүп жетиле элек байыркы адамдар өздөрүнүн жамандыкка, өлүм-житимге учуроо себептерин табияттын ар кандай сырдуу кубулуштарына (мифологиялык түшүнүктөрүнө) байланыштуу элестетишкен шарттарда өлүмдүн ээси катары киши эттин жей турган жалгыз көздүү дөөлөрдүн мифологиялык образы түзүлгөн болуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4