Эвгеника

Википедия дан
Евгеника‎»‎ барагынан багытталды)
Фрэнсис Гальтон (±1905).

Эвгеника (гр. eugenes - теги жакшы) - адамдын тукум куучулук ден соолугун жана аны жакшыртуу жолдорун изилдөөчү илим.

«Эвгеника» терминин англ, биолог Ф. Гальтон киргизген (1869). Эвгеника адамдагы тукум куугуч процесстер бардык организмдегидей эле генетиканын жалпы Закондоруна ылайык жүрөт деп эсептейт. Адамдын морфол. белгилеринин түрдүү болушу тукум куугуч касиетке, ал эми психикалык өзгөчөлүктөрү тарбия, билим, эмгек жана коллективдин таасирине байланыштуу. Туугандыгы өтө жакын адамдар никелешүү, алардын тукумунан тукум куума оорулар байкалат. Туугандык никенин зыяндыгын адам алгачкы убакта эле байкаган, андай никеге үрп-адат боюнча тыюу салынып, кийин законго айландырылган.

Эвгеника менен мед. генетика тукумга зыян касиеттерди таратпоого жана алдын алууга аракеттенет. Медицина-генетикалык консультациялар ата-энеде тукум куума оорулар (мис., гемофилия) пайда болоорун эскерткен. Эвгеникада жасалма уруктандыруу, урукту сактоо ж. б. ыкмаларды колдонуп, акылдуу, күчтүү адамдардын тукумун көбөйтүү тууралуу кез караштар да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.