Евдем Родостук

Википедия дан
Евдем,Родостук‎»‎ барагынан багытталды)

Евдем Родостук (биздин заманга чейин 4-кылымдын 2-жарымы) – байыркы грек философу; перипатетикалык (арис­тотелизмдин жолун жолдоочулар) мектептин өкүлү, Аристотелдин досу жана шакирти. Теофаст менен бир катарда Аристотелдин мурасчысы болуу үчүн Ликейдеги схоларх (филос. мектептин жетекчиси) кызматын ээлөөгө атаандаш болгон. Теофраст шайлангандан кийин (биздин заманга чейин 322-к.) Родоско кайрылып келип, ал жерде филос. мектептин бөлүмүн ачкан да, Теофаст менен тыгыз байланышта кала берген (алардын кат жазышып тургандыктары жөнүндө маалыматтар бар). Байыркы перипатетиктердин ичинен евдем – устатынын ишенимдүү жана эң кыйбас шакирти болгон. евдемдин Аристотелдин трактаттарын изилдеген текстологиялык (герменевтикалык) эмгектери аны антикалык аристотель таануучулардын жана чечмелөөчүлүк салттардын баштоочусу катары таанылткан. Байыркы мезгилдеги өтө баалуу жана көп цитаталанган тарыхый илимий жана дин таануу боюнча эмгектер – Аристотель тарабынан белгиленген «кабылданган ой-пикирлердин» энциклопедиялык жыйындысынын программасын диалектикалык жактан иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу евдемдин эмгектеринин орчундуу бир салаасын түзөт. Буларга геометрия менен арифметиканын, астрономия менен теологиянын тарыхы кирет жана андагы келтирилген цитаталар баа жеткис булактар бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]