Евдокус

Википедия дан

Евдокус - планеталар кыймылынын алгачкы теориясын түзгөн Б.з.ч. IV кылымда гректердин илими жетилип, жалпылоону талап кыла баштаган. Бул багытты баштагандардын бири Кичи Азияда төрөлгөн Евдокус (б.з.ч. 408-355ж.) болгон. Евдокус пропорциялар теориясын жана чексиз кичине чоӊдуктар менен иштөө амалдарын сунуштаган. “Жерди айлануу” аттуу китебинде климаттын географиляык кеӊдикке байланышын жана Жердин тоголоктугун ишенимдүү далилдеген. Планеталардын кыймылындагы илмек сымал кыймылын жана Күндүн эклиптика боюнча кыймылынын бир калыпта эместигин аныктаган.

Ар бир жарык чыгаруучунун кыймылын түшүндүрүү үчүн бири-биринин ичине киргизилген бир нече сфералардын комбинациясы менен түшүндүргөн. Маселен, Ай үч сфера боюнча кыймылдайт, биринчиси дүйнөнүн огунун айланасында суткасына бир айлануусу, экинчиси сфера эклиптика боюнча 18,6 жылда бир айлануусу, үчүнчү сфера жылдыздарга салыштырмалуу 27,3 суткада бир айлануусу. Евдокстун байкоого негизделген корутундулары табият таануудагы жаӊы кадам болгон.