Еврей автономиялуу облусу
| |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Статусу |
Орусия Федерациясынын субъектиси | ||
| Административдик борбор |
Биробиджан | ||
| Негизделген күнү |
1924-жыл 29-август | ||
| Губернатор |
Костюк Мария | ||
| Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы |
Голубь Андрей | ||
| Расмий тили |
орус тили, идиш тили | ||
| Калкы (82) |
144 428 (82-орунда) | ||
| Улуттук курамы |
орустар (97,7 %), украиндер, еврейлер (0,6 %) | ||
| Аянты |
36 271 км² (60- орунда) | ||
| Убакыт аралыгы | |||
| Телефон коду |
+7 426 | ||
Еврей автономиялуу облусу (идиш ייִדישע אויטאָנאָמע געגנט) — Орусия Федерациясынын субъектилеринин бири, Ыраакы Чыгыш федералдык округунун курамына кирет.
Административдик борбору — Биробижан шаары.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Еврей автономиялуу облусу 1934-жылдын 7-майында СССР Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин токтому менен түзүлгөн. Бул долбоор Советтер Союзундагы еврей калкын аймактык жактан жайгаштыруу жана алардын маданий-улуттук автономиясын түзүү максатында демилгеленген.
Орусия империясынын мезгилинде еврейлерге белгилүү гана аймактарда жашоого уруксат берилсе, совет өкмөтү аларды Амур дарыясынын боюндагы аймактарга отурукташтырууну сунуштаган. 1920-1930-жылдары аймакка СССРдин ар кайсы бурчунан, ошондой эле чет өлкөлөрдөн да еврей үй-бүлөлөрү көчүп келишкен.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Еврей автономиялуу облусу Ыраакы Чыгыш федералдык округунун түштүк бөлүгүндө жайгашып, Амур облусу жана Хабаровск крайы менен чектешет. Аймактын түштүгү аркылуу Орусия менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек ара өтөт[1].
Аймактын рельефи тоолуу жана түздүктүү болуп бөлүнөт. Түндүк жана батыш бөлүгүн Кичи Хинган, Бурея сыяктуу кырка тоолор ээлесе, түштүк жана чыгыш бөлүгүн Орто Амур түздүгү ээлейт. Аянты: 36 266 км². Ири дарыялары: Амур, Бира, Биджан, Тунгуска[1].
Региондун аймагынын үчтөн бирден ашык бөлүгүн чокулары жылмаланып, сырткы көрүнүшү дөңсөөлөргө окшош Хинган-Бурея тоо кыркасы ээлейт. Облустун түндүгүндөгү тоолор тик жана бийик келет, алардын тик боорун Чоң Бира дарыясынын куймалары өтөт[1].
Еврей автономиялуу облусунун эң бийик чекити да дал ушул түндүк бөлүгүндө жайгашкан — ал Студент тоосу (1421 м). Ошондой эле бул жерде Чербукондя (1360 м), Быдыр (1207 м) жана Царь (1103 м) чокулары жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын борбордук бөлүгү аркылуу өтүп, түздүктүү аймактарына чейин созулат: булар — Ульдуры, Даур, Большие Чурки тоо массивдери жана Волочаевка дөңсөөсү[1].
Орто Амур ойдуңу облустун түштүк жана түштүк-чыгыш тарабына созулуп, Кичи Хингандагы 100-150 метрден Амур дарыясынын жайылмасындагы 40-50 метрге чейин бара-бара жапыздайт. Бул түздүк эки бөлүккө бөлүнөт: ойдуңдуу келген биринчи бөлүгү Бижан дарыясынын бассейнинин негизги аймагында. Экинчи бөлүгүн Амур, Урми дарыялары жана Ульдуро-Бижан тоо кыркасы түзөт[1].
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Еврей автономиялуу облусунун климаты Ыраакы Чыгыш үчүн мүнөздүү болуп эсептелет: мында жай мезгили жылуу жана нымдуу, ал эми кышы кар аз түшкөн суук келет.
Бул аймакта алгачкы үшүк сентябрдын аягы — октябрдын башында түшүп, октябрдын аягына карай адатта кар жаап, эрбей калат. Январь айындагы орточо температура -24 °Cты түзөт. Бирок термометр тилкеси дээрлик -50 °Cка чейин төмөндөгөн учурлар да катталган. Июль айындагы орточо температура +20 °C. Июль айында катталган эң жогорку максималдуу температура +40 °Cка жеткен.
Жыл ичинде жааган жалпы жаан-чачындын 85%ы жай мезгилине туура келет. Күчтүү жана узакка созулган жамгырлар негизинен июлдун аягы — августтун башында жаайт. Муссондук жамгырлардан улам дарыялардын ташуусу, кээде суу ташкындары тез-тез болуп турат.
| Биробиджандын жана Еврей автономиялуу облусунун аба ырайы | |||||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Көрсөткүч | Жал | Чын | Бүг | Кул | Тек | Баш | Аяк | Тог | Жет | Беш | Үчт | Бир | Жыл |
| Абсолюттук максимум, °C | 39,9 | 37,3 | 35,6 | 31,9 | 25,6 | 12,3 | −0,1 | −1,9 | 5,9 | 20,9 | 29,8 | 34,2 | 39,9 |
| Орточо максимум, °C | 26,6 | 25,4 | 23,4 | 17,1 | 6,9 | −3,8 | −12,1 | −15,2 | −12,1 | −3,8 | 7,3 | 17,8 | 6,9 |
| Орточо температура, °C | 21,1 | 19,8 | 17,0 | 10,3 | 0,9 | −9,5 | −18 | −21,4 | −18,7 | −10 | 1,1 | 11,2 | 0,5 |
| Орточо минимум, °C | 16,3 | 14,8 | 10,8 | 3,8 | −4,8 | −15,1 | −23,7 | −27,2 | −24,9 | −16 | −4,8 | 4,6 | −5,5 |
| Абсолюттук минимум, °C | 3,9 | 1,5 | −3,8 | −12,4 | −24,4 | −35,2 | −41,3 | −43,7 | −41,5 | −32,6 | −18,5 | −7,1 | −43,7 |
| Жаан-чачын нормасы, мм | 83 | 81 | 78 | 71 | 66 | 68 | 70 | 69 | 70 | 67 | 63 | 64 | |
| Суунун температурасы, °C | 135 | 115 | 88 | 51 | 28 | 19 | 11 | 7 | 11 | 20 | 43 | 84 | 612 |
| Булак: Погода и Климат[2] | |||||||||||||
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Облустун калкы 2024-жылдардагы маалыматтар боюнча 144,4 миң адамды түзөт[3].
Демографиялык түзүмү боюнча орустар — калктын басымдуу бөлүгүн (90%дан ашыгын) түзөт. Украиндар, еврейлер, татарлар, кытайлар жана башка улуттар жашайт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 4 5 Официальный портал органов государственной власти Еврейской автономной области. География и климат(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Архив погоды в Биробиджане (Еврейская автономная область, Россия)
- ↑ Официальный портал органов государственной власти Еврейской автономной области. ЕАО в цифрах. Текшерилген күнү 4 -сентябрь (аяк оона) 2026. Түп булактан архивделген күнү 13 -сентябрь (аяк оона) 2023.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Еврей автономиялуу облусунун мамлекеттик органдарынын расмий сайты(жеткиликсиз шилтеме)