Еврей автономия облусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Еврей автономия облусу.

Еврей автономия облусу Россия Федерациясынын субъектиcи. Россиянын Чыгыш федерация округуна кирет. Амур боюнда жайгашкан. Облус 1934-ж. 7-майда уюшулган. Кытай менен чектешет. Аянты 36 миң км2. Калкы 186,5 миң (2006). Борбору – Биробижан шаары. Шаар калкы 66,3%. Административдик-аймак жактан 5 административдик районго, 2 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Облуста орус (89,9%), украин (4,4), еврей (1,2), татар, беларус жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Табигый айма­гынын 12% коргоого алынган. Алар Бастак коругу, 6 заказник, 25 табият эстелиги (анын ичинде гидрология, геология, ботаникалык жана башка бар). Түндүк-батышы менен түндүгүндө Кичи Хинган жана Бурея кырка тоолору (бийикт. 1421 м), Түштүк-чыгышында Ортоңку Амур ойдуңу орун алган. Климаты мелүүн муссондук. Январдын орточо температурасы – 21–25°Сден (түздүктөрүндө) –30°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 20–22°С, жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Негизги дарыясы – Амур. Токойдун күрөң, шалбаа-саз жана аллювий топурактары мүнөздүү. Аймагынын 1/3ин токой ээлеп, анда ийне жалбырактуу токой басымдуу. Кен байлыктардан темир, марганец, калай, алтын, көмүр, графит, тальк, брусит жана башка казылып алынат. Кульдур курорту иштейт.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Региондун дүң продукциясы 4782,8 млн рублди түзөт; андагы өнөр жайдын үлүшү 15,3% (2001). Башкы өнөр жайдын тармактары: курулуш материалдары, электр-энергетика, машина куруу, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, жеңил. Ошондой эле «Зима» кийиз чокой жана кондитер фабрикалары, эт комбинаты иштейт. Күрөң көмүр, магний казылып алынат. Региондун дүң продукциясында айыл чарбанын үлүшү 13,9% (2001). Айыл чарбага жарактуу жери 537,2 миң га (жер фондунун 14,8%), анын ичинде айдоо аянты 17,2%. Дан эгиндери, соя, картөшкө, жашылча айдалат. Техника өсүмдүктөр басымдуу (61,8%). Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы жана чочко асыралат. Аары чарбасы өнүккөн. Техника жолунун узундугу 513 км, автомобилдики 1533 км, суу жолунуку 685 кмдей. Амур жана Тунгуска дарыясында кеме жүрөт. Төрт ЖОЖ, 2 театр, филармония, 3 музей, облустук китепкана (2003) бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1