Мазмунга өтүү

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2025

Википедия — ачык энциклопедия
2025 Еврокөрүнүү
«Welcome Home» (Үйгө кош келиңиз)
Датасы
1чи жарым финал 13-май 2025
2чи жарым финал 15-май 2025
Финал 17-май 2025
Өткөрүүлөр
Өткөрүлүүчү жер  Швейцария, Базель, «Санкт-Якобсхалле»
Алып баруучу Хайди Клум
Жан Борг
Супервайзери Мартин Эстердаль
Продюсери Reto Peritz
Moritz Stadler
Негизги телеканал Файл:SRG SSR logo 2011.svg
Катышуучулар
Бардык катышуучулар 37
Кайтып келгендер  Черногория
Баш тарткандар  Нидерланд
Жыйынтыктар
Нөл упай  Улуу Британия (көрүүчүлөр)

 Исландия (калыстар)
 Швейцария (көрүүчүлөр)

Жеңүүчү ыр «Wasted Love» ( Австрия)
Еврокөрүнүү

[[2024|2024]] • 2025 • [[2026|2026]]

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2025 (англ. Eurovision Song Contest 2025; фр. Concours Eurovision de la chanson 2025; нем. Eurovision Liedwettbewerb 2025; итал. Concorso Eurovisione della Canzone 2025; роман. Concurs da musica Eurovision 2025) — Еврокөрүнүү ыр сынагынын 69-ирет өткөрүлгөн эл аралык музыкалык мелдеши. Сынак 2024-жылдагы жеңүүчү өлкө болгон Швейцариянын атынан уюштурулуп, 2025-жылдын 13, 15 жана 17-май күндөрү Швейцариянын Базель шаарындагы "Санкт-Якобсхалле" аренасында өткөн. Сынакты Европа телерадиоберүү бирикмеси (EBU) жана швейцариялык коомдук телерадиокомпаниясы SSR SRG биргелешип уюштурган.

Сынакка жалпысынан 37 мамлекет катышкан. Черногория бир нече жылдык тыныгуудан кийин кайра кайтып келген болсо, Молдова катышуудан баш тарткан.

Жеңишти Австриянын өкүлү, ырчы JJ аткарган "Wasted Love" ыры менен жеңип алган. Ал калыстар тобунун добуш берүүсүндө биринчи орунду ээлеп, жалпы 436 упай топтоо менен Австрияга тарыхындагы үчүнчү жеңишти алып келген.

Өткөрүлүүчү жайды тандоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2024-жылдагы сынакта швейцариялык ырчы Nemo жеңишке жетишкенден кийин, 2025-жылдагы Еврокөрүнүүнү Швейцарияда өткөрүлмөкчү болгон. Бир нече шаар талапкерлигин койгон соң, уюштуруучулар Базель шаарын тандашкан[1].

Сынак Базелдеги "Санкт-Якобсхалле" көп функционалдуу аренасында өткөн. Сахнанын дизайны Швейцариянын тоолуу ландшафттарынан жана өлкөнүн тилдик ар түрдүүлүгүнөн шыктануу менен даярдалган.

Сынак мурдагы жылдардагыдай эле эки жарым финалдан жана бир чоң финалдан турган:

Биринчи жарым финал — 13-май 2025-жыл;

Экинчи жарым финал — 15-май 2025-жыл;

Чоң финал — 17-май 2025-жыл.

Чоң финалга автоматтык түрдө уюштуруучу Швейцария жана "Чоң бештик" өлкөлөрү (Германия, Испания, Италия, Франция жана Улуу Британия) чыккан. Калган өлкөлөр финалга жарым финалдар аркылуу тандалып алынган.

Катышуучу өлкөлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2025-жылкы сынакка төмөнкү 37 өлкө катышкан:

Чоң финал 2025-жылдын 17-майында өткөрүлгөн. Финалга 26 өлкө катышкан. Добуш берүүдө кесипкөй калыстар тобунун упайлары жана көрүүчүлөрдүн теледобуштары эсептелген. Ошондой эле катышпаган өлкөлөр үчүн "Дүйнөнүн калган бөлүгү" (Rest of the World) онлайн добуш берүү системасы колдонулган.

Өлкө[2] Аткаруучу[3] Ырдын аталышы[3] Ырдын аталышынын котормосу Тили Ээлеген орду Упайлар
Калыстар Көрүүчүлөр Жалпы
01  Норвегия Кайл Алессандро "Lighter" "Күйгүзгүч" Англис тили 18 22 67 89
02  Люксембург Лаура Торн "La Poupée Monte Le Son" "Куурчак үнүн көтөрдү" Француз тили 22 23 24 47
03  Эстония Томми Кэш "Espresso Macchiato" "Эспрессо маккиато" Италян тили, англис тили 3 98 258 356
04  Израиль Юваль Рафаэль "New Day Will Rise" "Жаңы күн келет" Англис тили, француз тили, иврит тили 2 60 297 357
05  Литва Katarsis "Tavo Akys" "Көздөрүң" Литва тили 16 34 62 96
06  Испания Мелоди "Esa diva" "Бул бийкеч" Испан тили 24 27 10 37
07  Украина Ziferblat "Bird of Pray" "Тилек кушу" Украин тили, Англис тили 9 60 158 218
08  Улуу Британия Remember Monday "What The Hell Just Happened?" "Эмне болуп кетти?" Англис тили 19 88 0 88
09  Австрия JJ "Wasted Love" "Курулай сүйүү" Англис тили 1 258 178 436
10  Исландия Væb "Róa" "Эшүү" Исланд тили 25 0 33 33
11  Латвия Tautumeitas "Bur Man Laimi" "Мага бакыт тартуула" Латыш тили 13 116 42 158
12  Нидерланд Клауд "C’est La Vie" "Жашоо ушундай" Француз тили, Англис тили 12 133 42 175
13  Финляндия Эрика Викман "Ich komme" "Мен келе жатам" Финн тили, немис тили 11 88 108 196
14  Италия Лучо Корси "Volevo Essere Un Duro" "Мен кыйын болгум келди" Италян тили 5 159 97 256
15  Польша Юстина Стечковска "Gaja" "Гая" Поляк тили, Англис тили 14 17 139 156
16  Германия Абор жана Тинна "Baller" "Атуу" Немис тили 15 77 74 151
17  Грекия Клавдия "Asteromáta" ("Αστερομάτα") "Жылдыздуу көздөр" Грек тили 6 105 126 231
18  Армения Парг "Survivor" "Тирүү калган" Англис тили 20 42 30 72
19  Швейцария (страна-хозяйка) Зое Ме "Voyage" "Саякат" Француз тили 10 214 0 214
20  Мальта Мириана Конте "Serving" "Кызмат кылуу" Англис тили 17 83 8 91
21  Португалия Napa "Deslocado" "Өз ордунда эмес" Португал тили 21 37 13 50
22  Дания Сиссаль "Hallucination" "Галлюцинация" Англис тили 23 45 2 47
23  Швеция KAJ "Bara Bada Bastu" "Жөн гана саунага бар" Швед тили 4 126 195 321
24  Франция Луан "maman" "Апа" Француз тили 7 180 50 230
25  Сан-Марино Габри Понте "Tutta L’Italia" "Бүткүл Италия" Италян тили 26 9 18 27
26  Албания Shkodra Elektronike "Zjerm" "От" Албан тили 8 45 173 218

Добуш берүүнүн жыйынтыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Финал

Көрүүчүлөрдун добуштары / калыстардын добуштары

Орун Көрүүчүлөр Упайлар Калыстар Упалар
1  Израиль 297  Австрия 258
2  Эстония 258  Швейцария 214
3  Швеция 195  Франция 180
4  Австрия 178  Италия 159
5  Албания 173  Нидерланд 133
6  Украина 158  Швеция 126
7  Польша 139  Латвия 116
8  Грекия 126  Грекия 105
9  Финляндия 108  Эстония 98
10  Италия 97  Финляндия 88
11  Германия 74  Улуу Британия 88
12  Норвегия 67  Мальта 83
13  Литва 62  Германия 77
14  Франция 50  Израиль 60
15  Нидерланд 42  Украина 60
16  Латвия 42  Албания 45
17  Исландия 33  Дания 45
18  Армения 30  Армения 42
19  Люксембург 24  Португалия 37
20  Сан-Марино 18  Литва 34
21  Португалия 13  Испания 27
22  Испания 10  Люксембург 23
23  Мальта 8  Норвегия 22
24  Дания 2  Польша 17
25  Швейцария 0  Сан-Марино 9
26  Улуу Британия 0  Исландия 0

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]