Мазмунга өтүү

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2026

Википедия — ачык энциклопедия
2026 Еврокөрүнүү
«United by Music» (Музыка менен бириккен)
Датасы
1чи жарым финал 12-май 2026
2чи жарым финал 14-май 2026
Финал 16-май 2026
Өткөрүүлөр
Өткөрүлүүчү жер  Австрия, Вена, «Винер-Штадтхалле»
Алып баруучу Виктория Сваровски
Михаэль Островски
Эмили Басвин (грин-рум)
Режиссёру Михаэль Көглер
Робин Хофвандер
Директору Мартин Грин
Супервайзери Герт Карк
Продюсери Михаэль Крөн
Негизги телеканал
Катышуучулар
Бардык катышуучулар 35
Кайтып келгендер  Болгария
 Молдова
 Румыния
Баш тарткандар  Ирландия
 Исландия
 Испания
 Нидерланд
 Словения
Жыйынтыктар
Нөл упай  Бельгия (көрүүчүлөр)

 Улуу Британия (көрүүчүлөр)
 Германия (көрүүчүлөр)

Жеңүүчү ыр «Bangaranga» ( Болгария)
Еврокөрүнүү

[[2025|2025]] • 2026 • [[2027|2027]]

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2026 (англ. Eurovision Song Contest 2026, фр. Concours Eurovision de la chanson 2026, нем. Eurovision Liedwettbewerb 2026) — 70-ирет өткөрүлүп жаткан Еврокөрүнүү 2026 ыр сынагы 2026-жылдын 12, 14 жана 16-май күндөрү Вена шаарындагы Винер-Штадтхалле жабык стадионунда өтүүчү сынак. Сынактын уюштуруучулары — Европа телерадиоберүү бирикмеси жана Австриянын Österreichischer Rundfunk (ORF) телерадиокомпаниясы.

Австрия бул сынакты үчүнчү жолу өткөрүп жатат. Буга чейин өлкө «Еврокөрүнүү» ыр сынагын 1967 жана 2015-жылдары кабыл алган. Австрия Еврокөрүнүү 2026 өткөрүү укугун ырчы JJ 2025-жылдагы сынакта «Wasted Love» аттуу ыры менен жеңишке жеткенден кийин алган.

Бул жолу сынакка 35 өлкө катышууда — бул өткөн жылга салыштырмалуу эки өлкөгө аз жана 2003-жылдан берки эң аз катышуучу көрсөткүчү болуп саналат.

Болгария, Молдова жана Румыния бир нече жылдык тыныгуудан кийин кайрадан сынакка катышуу чечимин кабыл алышкан. Ошол эле учурда Ирландия, Исландия, Испания, Нидерланд жана Словения Газадагы согуш шартында Израилдин катышуусуна каршы нааразылык билдирип, сынактан баш тартышкан. Бул «Еврокөрүнүү» тарыхындагы катышуучу өлкөлөрдүн арасынан саны боюнча эң көп бойкот сынак.

Ошондой эле 2011-жылдан бери биринчи жолу автоматтык түрдө финалга чыккан өлкөлөр «Ири бештик» эмес, «Ири төрттүк» катары катышууда. Буга Испаниянын сынактан баш тартуусу себеп болгон.

Өткөрүлүүчү орду

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Австриянын картасы: уюштуруучулар тарабынан тандалган кабыл алуучу шаар көк түс менен белгиленген. (); талапкер шаарлар жашыл түс менен белгиленген (); арыздарын кайтарып алган шаарлар кызыл түс менен белгиленген. (); кабыл алуу калоосун билдирген, бирок акырында арыз бербеген шаарлар боз түс менен белгиленген. ()

Австрия 2025-жылдагы Еврокөрүнүү 2025 жеңишинен кийин өлкөнүн бир нече шаарлары Еврокөрүнүү 2026н өткөрүүгө кызыктар экенин билдиришкен. Österreichischer Rundfunk (ORF) башкы директору Роланд Вайсманн өткөрүүчү жайды тандоодо аренанын талаптарга жооп бериши жана аэропортторго жакын жайгашуусу маанилүү экенин белгилеген. Ал эми ORF программалык директору Стефани Гройсс-Хоровиц акыркы жылдары Австрияда жаңы ири ареналар курулбаганын айтып, ошол эле учурда ылайыктуу долбоорлору бар муниципалитеттерди арыз берүүгө чакырган[1].

2025-жылдын 18-майында Вена шаарынын мэри Михаэль Людвиг шаар сынакты өткөрүүгө талапкер боло турганын ырастаган[2]. Ошол эле күнү Грац да арыз берүүгө даяр экенин билдирип, мэр Эльке Кар ылайыктуу аянтча катары Stadthalle Graz аренасын сунуштаган[3][4]. Мындан тышкары, Грацтагы Schwarzl Freizeit Zentrum аренасынын менеджери Клаус Лойтгеб дагы өз аренасын сунуш кылган[5]. Ошол эле күнү Инсбрук жана Вельс шаарлары да катышууга даяр экенин билдиришкен. Инсбрук Олимпиадалык залды, ал эми Вельс жаңы көргөзмө борборун сунуштаган[6][7]. Оберварт шаары дагы сынакты өткөрүүгө кызыгуусун билдирген[8]. 19-майда Санкт-Пёльтен шаарынын мэри Маттиас Штадлер мүмкүн болгон арена катары VAZ St. Pölten комплексин сунуш кылган[9]. 26-майда Эбрайхсдорф убактылуу арена куруу долбоорун тааныштырган[10].

Бирок Клагенфурт талапкерлигин берүүдөн баш тарткан. Каринтия жеринин бийлиги «Вёртерзе-Штадион» аренасын талаптарга ылайыкташтыруу өтө кымбатка турарын билдирип, бул аймакта сынакты өткөрүү «мүмкүн эмес» деген бүтүмгө келген[11]. Зальцбург дагы кийинчерээк арыз берүүдөн баш тартып, мэр Бернхард Ауингер муну бюджеттин чектелүү болушу жана ылайыктуу аренанын жоктугу менен түшүндүргөн[12][13]. Ошентсе да Зальцбург аймагынын бийлиги «прагматикалык жана чыгармачыл мамиле» менен ылайыктуу жай табылышы мүмкүн экенин белгилеген[14].

2025-жылдын 2-июнунда Österreichischer Rundfunk өткөрүүчү шаарды тандоо боюнча расмий конкурс башталганын жарыялаган. Шаарлар жана муниципалитеттер 2025-жылдын 4-июлуна чейин арыз бере алышмак[15][16][17]. Кийинчерээк Эбрайхсдорф, Оберварт, Грац жана Вельс каржылык же техникалык себептерден улам жарыштан чыгышкан[18]. Натыйжада белгиленген мөөнөттө талапкерлигин расмий түрдө берген жалгыз шаарлар Вена менен Инсбрук болгон[19][20][21][22].

2025-жылдын 20-августунда Европа телерадиоберүү бирикмеси жана Österreichischer Rundfunk Венаны Еврокөрүнүү 2026 расмий өткөрүүчү шаары катары жарыялаган[23][24]. Сынак мурда Еврокөрүнүү 2015 дагы кабыл алган Винер-Штадтхалле аренасында өтөт.

Ратхаусплац аянтында «Евро айылы» уюштурулуп, анда катышуучулар менен жергиликтүү артисттердин концерттери жана сынактын түз көрсөтүүлөрү өткөрүлөт. Ал эми Вена ратушасы «Евроклубдун» жайы болуп кызмат кылат. Бул жерде расмий кечелер, жабык концерттер, ошондой эле 2026-жылдын 10-майында ачылыш аземи жана «Бирюза килеми» өтөт. Ал иш-чараларда катышуучулар жана алардын делегациялары басма сөз өкүлдөрүнө жана күйөрмандарга тааныштырылат[25][26]. Бул аянтчалар 2015-жылдагы сынактагыдай эле функцияларды аткарышат[27].

     Өткөрүлгөн шаары     Талапкер шаар

Шаар Өткөрүлүүчү орду Сыйымдуулугу Маалымат Булак
Вельс жана Линц Messe Wels 15 000 чейин Шоуну Уэльсте өткөрүү үчүн биргелешкен арыз берилген. Арена учурда курулуп жатат, анын бүткөрүлүшү 2026-жылдын мартына пландаштырылган. Шаар арызын 2025-жылдын 1-июлунда арызын артка чакыртып алган. [20][28]
Вена Винер-Штадтхалле 16 000 Аренада 2015-жылы "Еврокөрүнүү" ыр сынагы өткөн. [23][29]
Грац Stadthalle Graz 11 030 Австриянын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы колдоогон. Шаар 2025-жылдын 27-июнунда арызын артка чакыртып алган. [19][30]
Schwarzl Freizeitzentrum
Инсбрук Инсбрук Олимпиада залы 12 000 1964 жана 1976-жылдары Кышкы Олимпиада оюндарында фигуралык муз тебүү жана хоккей боюнча мелдештер өткөрүлгөн Олимпиадалык арена. Шаар расмий түрдө арыз берген. [31]
Оберварт Messe Oberwart ~4 000 Шаар 2025-жылдын 20-июнунда арызын артка чакыртып алган. [8]
Санкт-Пөлтен VAZ St. Pölten ~6 000 Шаар кызыгуусун билдирген, бирок расмий арыз берилген эмес. [9]
Эбрайхсдорф Временная арена 20 000 20 000 орундуу убактылуу арена жана 30 000 көрүүчүнү батырган күйөрмандар зонасы сунушталган. Шаар 2025-жылдын 15-июнунда арызын артка чакыртып алган. [10][18]


Катышуучулар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өндүрүшү жана форматы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи жарым финал

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи жарым финал

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Добуш берүү жана трансляция

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сынак менен байланышкан чыр-чатактар жана окуялар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Eurovision 2025 winner's press conference with JJ (англ.). European Broadcasting Union (EBU) (18 May 2025).
  2. DavideConte 🇦🇹 Eurovision 2026: Vienna Interested in Hosting Again (англ.) (18 May 2025).
  3. AnthonyGranger 🇦🇹 Austria: ORF Commences Eurovision 2026 Work & Special Programming Celebrating JJ's Victory Announced (англ.) (18 May 2025).
  4. Diskussion um Song Contest 2026 in GrazORF. ORF (18 -май (бугу) 2025).
  5. "Perfekte Location": Klaus Leutgeb will ESC 2026 an den Schwarzlsee holenORF. Kleine Zeitung (18 -май (бугу) 2025).
  6. Wels im Ringen um ESC-AustragungsortORF. ORF (18 -май (бугу) 2025).
  7. AnthonyGranger Eurovision 2026: Innsbruck Intends to Bid to Host Eurovision (англ.).
  8. 1 2 Oberwart will ESC-Austragungsort werdenORF. ORF (18 -май (бугу) 2025).
  9. 1 2 St. Pölten liebäugelt mit Song Contest 2026ORF. ORF (19 -май (бугу) 2025).
  10. 1 2 AnthonyGranger Eurovision 2026: Ebreichsdorf’s ‘Comer City’ Presents Proposal to Host Eurovision (26 -май (бугу) 2025).
  11. ESC 2026: Kärnten winkt für Austragung abORF. ORF (18 -май (бугу) 2025).
  12. AnthonyGranger 🇦🇹 Eurovision 2026: Wels & Oberwart Want to Host, Klagenfurt & Salzburg Say No (англ.) (18 May 2025).
  13. Salzburg24 Staff. 'Werden es nicht stemmen können': Bürgermeister Bernhard Auinger winkt für Stadt Salzburg als Song-Contest-Austragungsort abORF.
  14. KathrinKrispler Song Contest 2026 in Salzburg noch nicht endgültig vom TischORF.
  15. Eurovision Song Contest 2026: Start des Host City BewerbungsprozessesORF. ORF (2 -июнь (кулжа) 2025). Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 2 -июнь (кулжа) 2025.
  16. Song Contest: Startschuss für den BewerbungsprozessORF. ORF (2 -июнь (кулжа) 2025).
  17. ChristophSilber ORF startet Bewerbungsprozess für Host City des Eurovision Song ContestsORF (2 -июнь (кулжа) 2025).
  18. 1 2 AnthonyGranger Eurovision 2026: Ebreichsdorf’s ‘Comer City’ Withdraws From Bidding Process (англ.) (15 June 2025).
  19. 1 2 NeilFarren Eurovision 2026: Graz Will Not Bid to Host (англ.) (27 June 2025).
  20. 1 2 Keine Bewerbung Oberösterreichs für den Eurovision Song Contest 2026ORF (1 -июль (теке) 2025).
  21. StefanieRachbauer Innsbruck oder Wien? Womit die Song-Contest-Bewerber punktenORF (4 -июль (теке) 2025).
  22. AnthonyGranger Eurovision 2026: Innsbruck Submits Bid to Host Eurovision (англ.) (4 July 2025).
  23. 1 2 Agence France-Presse. Vienna announced as host city for Eurovision song contest 2026 (англ.) (20 August 2025).
  24. Eurovision 2026: Vienna is our Host City for the 70th (англ.). European Broadcasting Union (20 August 2025).
  25. Eurovision 2026: Vienna is our Host City for the 70th (англ.). European Broadcasting Union (20 August 2025).
  26. GeraldMackinger Ludwig sees Eurovision Song Contest 2026 as a good investment for Vienna's economic location (англ.) (20 August 2025).
  27. Giulia. Live-Blog: Pressekonferenz zur Bekanntgabe von Wien als Host City für den ESC 2026ORF (20 -август (баш оона) 2025).
  28. ESC: Wels und Linz offiziell angemeldet (4 -июнь (кулжа) 2025).
  29. AnthonyGranger Eurovision 2026: Vienna Actively Bidding to Host (англ.) (3 June 2025).
  30. AndreaRieger "Perfekte Location": Klaus Leutgeb will ESC 2026 an den Schwarzlsee holen (18 -май (бугу) 2025).
  31. AnthonyGranger Eurovision 2026: Innsbruck City Council Approves Bid to Host (англ.).

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]