Европа бирлигинин кеңеши

Википедия дан

Европа бирлигинин кеңеши (англ. the Council of the European Union) – ЕБдин башкы органдарынын бири; ага мүчө өлкөлөрдүн министрлеринен турат, мүчөлөрдүн чечим кабыл алуу ишине катышуусун камсыз кылат. Каралуучу маселеге жараша ЕБ К-нин курамы өзгөрүп турушу мүмкүн. Кийинки убакта тармактык министрлердин жыйындары адатка айланды. Төрагалык кылуучуга биргелешкен саясаттын негизги принциптерин белгилөөгө укук берилген жанаал арбир 6 айда алмашылып турат. Кеңеш өз ишинде Туруктуу өкүлдөр комитетине, жумушчу топторго жана башкы катчылыкка таянат. ЕБдин түзүү жөнүндө Келишимде каралган учурлардан башка учурда ЕБ К. чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]