Европа укугу

Википедия дан

Европа укугу – укуктун аркыл тармактарына тийешелүү эларалык жана улуттук укук эрежелеринин ургалдуу өнүгүп бараткан көп тарамдуу комплекси. Е. у. кеңири маанисинде иш жүзүндө Европадагы баардык эларалык уюмдардын ишмердүүлүгүн уюштурууну, баардык эконоимкалык, социалдык, саясий, илимий жана маданий мамилелерди укуктук жактан теске салуу катары түшүнүлөт. Бул мааниде Е. у. бүтүндөй эларалык укуктун ажырагыс бөлүгү болгон аймактык укук болуп саналат. Е. у. тар мааниде бул – белгилүү өлчөмдө бүткүл ЕБнын укуктук теске салуусу менен толукталган – Европа Шериктештигинин укугу. Мындай укук көпчүлүк жагынан эларалык укуктан четтеген, ЕБнын конфедеративдик табиятына ылайыкташкан өзгөчө укук кубулушу болуп саналат. Өз кезегинде ЕБнын укук актылары эки категорияга бөлүнөт: эларалык укук актылары (баштапкы укук): уюмдаштыруучу келишимдер, ал келишимдерди текшерүүчү келишим-макулдашуулар жана протоколдор; экинчи катардагы укуктар (ЕБнын негизги институттары жана башка органдары тарабынан кабылданган укук актылары). Ошондой эле Е. у-нун негиздерин, анын тарыхын, ички мыйзам ченемдүүлүктөрүн, өнүгүү өзгөчөлүктөрү окуп-үйрөнүүчү окуу сабагы жана илим болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]