Европа экономикалык шериктештиги (еэш
Көрүнүш
Европа экономикалык шериктештиги (еэш ) – батыш европалык 12 өлкөнү (Бельгия, Улуу Британия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланды, Португалия, Франция, Германия) өз кучагына камтыган жуурулушуу тобу; Рим келишимине ылайык 1957-жылы негизделген. 1960-жылдардын аягында бирдиктүү бажы бирлиги түзүлгөн; бажы алымдары, өзара соода-сатыктагы сандык чектөөлөр жоюлган, үчүнчү өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы наркы киргизилген. 1992-жылдын акырына карата бирдиктүү ички базарды түзүү иши аяктаган.1993-жылы ЕЭШтин ажырагыс бөлүгү катары ЕБ курамына кирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |