Егиналиев Санжы (Керимбеков С.)

Википедия дан

Егиналиев Санжы (Керимбеков С.) - акын, жазуучу.

Санжы Егиналиев 1925-жылы 9-декабрда Сокулук районунун Шалта айылында туулган.
1949-ж. Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы № 5 кыргыз орто мектебин,
1953-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
1943-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
1953-жылы Кыргыз ССРинин ИАнын Тил, адабият жана тарых институтунда кенже илимий кызматкер,
1954-жылы «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында адабий кызматкер,
1955-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабият жана искусство редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы,
1963–1965-жж. Кыргызстан КП БКнын аппаратында идеология бөлүмүнүн инструктору,
1965–1975-жж. «Чалкан» журналынын башкы редактору,
1975–1979-жж. республикалык Китеп сүйүүчүлөр коомунун төрагасынын орунбасары,
1979-жылдан «Мектеп» басмасынын балдар жана өспүрүмдөр редакциясында башчы,
1986-жылдан ушул басманын башкы редактору болуп иштеген.
1965–1975-жж. бир нече жолу Фрунзе шаардык эмгекчи депутаттар Советинин депутаты болуп шайланган.

Алгачкы чыгармасы 1953-жылы, «Ак кайың» аттуу биринчи ырлар жыйнагы 1963-жылы жарык көргөн.
Хафиздин, М.Турсун-Заденин, П.Бровканын, К.Симоновдун, С.Есениндин, Хафиздин, Ван Миндин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1973-жылы Р.Шүкүрбековдун чыгармачылыгы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.
Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени, «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 20 жыл», «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 30 жыл», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «Эмгектин ардагери» медалдары, Кыр-гыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ак кайың: Ырлар.– Ф., 1963. – 41 б.

Пионердик салют: Поэма жана ырлар.– Ф.: Мектеп, 1965. – 38 б.

Марыйка: Очерктер, аңгемелер, фелъетондор. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 86 б.

Ала-Арча: Поэма жана ырлар.– Ф.: Кыргызстан, 1970. – 63 б.

Райкан Шүкүрбеков: Монография. – Ф.: Мектеп, 1971. – 181 б.

Солдаттын сапары: Публицистика, аңгеме, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 111 б.

Кызыл калем: Повесттер, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 224 б.

Эл согушту жек көрөт: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1985. – 136 б.

Эненин үмүтү: Ырлар, поэмалар. – Кыргызстан, 1976. – 78 б.

Табам, чагам!: Сатиралар жыйнагы (74 автордун чыгармалары) /түзгөн С.Егиналиев/. – Б., 1975.

Орус тилинде

От Ганга до Кремля: Стихи и поэмы. – Ф.: Мектеп, 1973. – 105 с.

КОТОРМОЛОРУ

Петрусь Бровка. Күндөр өтүп баратат: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан. – 1966. – 155 б.

Мирзо Турсун-Заде. Гангдан Кремлге чейин: Поэмалар, ырлар. – Ф., 1973.

Есенин С. Көгүлтүр нөшөр шоокуму: Ырлар жана поэмалар. –Ф.: Мектеп, 1980. – 46 б.

Ван Мин. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981.

Эмрах менен Селви, Лейли менен Мажнун, Тахир жана Зухра: Түрк эл повесттери.–Ф.-1988. – 1037 б.

Э.Сетон-Томпсон. Жаныбарлар жөнүндө аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1991. – 242 б.

Мектеп окуучулары үчүн толеранттуулукту тарбиялоого арналган китептер. «Толеранттуулук үчүн» эл аралык фондусу. 1997–2003-жж. – Б.