Едренкин, Иван Иванович
Jump to navigation
Jump to search
Едренкин, Иван Иванович (1890–1948) – Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышкандардан. 1905-ж. Москвада революциялык иштерге катышкан. 1906-ж. Петербургда саясий адабияттарды тараткандыгы үчүн камалган. 1909-жылдан Шураб (Тажикстан), Ташкөмүр, Кызылкыя шахтыларында иштеген. 1917-жылдан Кызылкыя жумушчу депутаттар советинин төрагасы, 1920-жылдан чарба кызматтарында иштеген.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.