Енисей жазуулары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Енисей жазууларыЕнисей дарысынын жогорку өрөөндөрүнөн табылган жана байыркы түрк элдеринин, анын ичинде байыркы кыргыздар 6–10-кылымда колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борбордук бөлүгү деп таанылган Тува автономдук республиканын жана Хакас автономдук облусунун аймактарынан табылган. Рун жазуу эстеликтеринин көбү негизинен Енисей дарыясынын өрөөнүнөн катталгандыктан, ал шарттуу түрдө Енисей жазуулары же Енисей эстеликтери деп аталган. Енисей жазууларынын мазмунун дээрлик эпитафиялык эстеликтер түзөт. Енисей жазуулары илимде 18-кылымдын 2-жарымынан тартып белгилүү болгон. Жогоруда аталган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Енисей жазууларында 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаң жана жумшак түгөйлөрү аркылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон жана ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө айрым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Енисей жазууларында 16 үнсүз тыбыш белгиленген, анын ичинде б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын тамгалар менен жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөз­дөрдүн үндөшүүсүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары менен башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бардык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Енисей жазууларыда болгон эмес.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1