Эренек

Википедия дан
Еренак-бек‎»‎ барагынан багытталды)
Эренек бек
хак. Чарынах-пиг, Ӧҷең-пиг

алт. Кайракан-Jарнак

Энесай Кыргыздарынын жана Алтысар улусунун беги
1658 — 1687
 
Туулган жылы: XVI кылым
Туулган жери: Алтысар улусу, Хонгорай
Каза болгон жылы: 1687 жыл(1687)
Каза болгон жери: Төөлөс көлү, Теленгит улусу
Уруусу: Хыргыс (хак. Xырғыс)
Атасы: Ишей Номчи бек
Балдары: Чакун, Харгин, Шам
Кесиби: бек

Эренек (Эрнак, Иренек Ишеев, Кайракан-Ярынак, Иреняк, Ернак; хак. Чарнах, хак. Ӧҷең-пиг; ? — сентябрь 1687) — Энесай Кыргыздарынын жана Алтысар улусунун беги, кийинчерээк Хонгорайдын башкаруучусу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эренек - Түштүк Сибирдеги Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту орустар аманат туткун катары кармап, ал Москвада билим алып, Иван деген ат менен чокундурулган. Ал Красноярскиге келип бир тууганы Эренек бекке каршы бир нече аскердик жүрүш жасаган.

Эренек бектин Чакун, Харгин, Шам аттуу уулдары болгон. Эренек бек өтө каардуу, өжөр инсан, таланттуу дипломат болгон.

Өзгөчө чыккынчыларды катуу кыйноого алып, дарактарга кере байлап, кыйноого жана башка жазаларга буйрук берген.

Эренек бек бытыранды болгон кыргыз улустарын жана кыштым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этносаясий бирикмесине айланткан. Ал 20 жылдан ашуун Красноярск, Кузнецк, Томск, Енисей жана башка орус кыштактарына коркунуч туудурган.

Эренек бек кыргыздардын экономикалык кубаттуулугун камсыз кылып турган кыштымдардын жерлерин өзгөчө коргогон. Ал тышкы саясатында бир катар учурларда Орусияга каршы болуп, бирок дипломатиялык арга үчүн Жунгариянын колдоосуна ыктаган. Өзгөчө, ургаалдуу түрдө отурукташып жаткан орус кыштактарына өтө ылдам, жеңил куралдангам кыргыз атчандары тарабынан тез-тез сокку уруп турган.

Сенге-Тайша менен Эренек бектин 1667-ж. Красноярскиге (Кызыл-Жарга) жасаган чабуулу учурунда казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган (39 адам өлгөн, 203 адам жарадар болуп, 49у туткунга алынган).

Эренек бек Түштүк Сибирдеги орус чындоолорунун курулушу менен өтө зор коркунуч туудурайын түшүнүп, орус бийликтерине: «Эгерде Абаканга чындоо курсаңар, анда биз өз жерибизди акыркы балабызга чейин коргоого даярбыз» - деген билдирүү жасаган.

1675-ж. Красноярдык казак-орустар Кыргыз жеринин так ортосунда Абакан дарыясынын куймасындагы Тагар аралына чындоо салышат. Эренек бек бул курулушту курчоого алып, өрттөп жиберет. Кийин Ачин жана Кан чындоолорун талкалап, Орусиянын тууларын, замбиректерин колго түшүрүп алган.

17-кылымдын 2-жарымында Цинь империясы монгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жунгарларга (калмактарга) каршы тукурган.

1687-ж. монголдор менен согушта жуңгар ханы Галдан Бошокту-хан Сибирдеги Кыргыз өлкөсүнөн толуктоолор алуу үчүн аскер чакырат.

Эренек бек 600дөн ашуун адамдан турган кошууну менен Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакындап келгенде, монголдор буктурма коюп тосуп алышып, беттешүү учурунда Эренек бек жана анын 300дон ашуун жоокери, Алтыр улусунан 150 адам курман болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]