Эренак, бек

Wikipedia дан
(Еренак Бек (Ярнак) барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Эренак (орусча Ярнак) - 1660-87-ж. Сибирь кыргыздарынын беги, өкүмдары.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Эренак - Түштүк Сибирдеги Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту орустар аманат туткун катары кармап, ал Москвада билим алып, Иван деген ат менен чокундурулган. Ал Красноярскиге келип бир тууганы Эренак бекке каршы бир нече аскердик жүрүш жасаган.

Эренак бектин Чакун, Харгин, Шам аттуу уулдары болгон. Эренак бек өтө каардуу, өжөр инсан, таланттуу дипломат болгон.

Өзгөчө чыккынчыларды катуу кыйноого алып, дарактарга кере байлап, кыйноого жана башка жазаларга буйрук берген.

Эренак бек бытыранды болгон кыргыз улустарын жана кыштым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этносаясий бирикмесине айланткан. Ал 20 жылдан ашуун Красноярск, Кузнецк, Томск, Енисей жана башка орус кыштактарына коркунуч туудурган.

Эренак бек кыргыздардын экономикалык кубаттуулугун камсыз кылып турган кыштымдардын жерлерин өзгөчө коргогон. Ал тышкы саясатында бир катар учурларда Россияга каршы болуп, бирок дипломатиялык арга үчүн Жунгариянын колдоосуна ыктаган. Өзгөчө, ургаалдуу түрдө отурукташып жаткан орус кыштактарына өтө ылдам, жеңил куралдангам кыргыз атчандары тарабынан тез-тез сокку уруп турган.

Сенге-Тайша менен Эренак бектин 1667-ж. Красноярскиге (Кызыл-Жарга) жасаган чабуулу учурунда казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган (39 адам өлгөн, 203 адам жарадар болуп, 49у туткунга алынган).

Эренак бек Түштүк Сибирдеги орус чындоолорунун курулушу менен өтө зор коркунуч туудурайын түшүнүп, орус бийликтерине: «Эгерде Абаканга чындоо курсаңар, анда биз өз жерибизди акыркы балабызга чейин коргоого даярбыз» - деген билдирүү жасаган.

1675-ж. Красноярдык казак-орустар Кыргыз жеринин так ортосунда Абакан дарыясынын куймасындагы Тагар аралына чындоо салышат. Эренак бек бул курулушту курчоого алып, өрттөп жиберет. Кийин Ачин жана Кан чындоолорун талкалап, Орусиянын тууларын, замбиректерин колго түшүрүп алган.

17-кылымдын 2-жарымында Цинь империясы монгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жунгарларга (калмактарга) каршы тукурган.

1687-ж. монголдор менен согушта жуңгар ханы Галдан Бошокту-хан Сибирдеги Кыргыз өлкөсүнөн толуктоолор алуу үчүн аскер чакырат.

Эренак бек 600дөн ашуун адамдан турган кошууну менен Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакындап келгенде, монголдор буктурма коюп тосуп алышып, беттешүү учурунда Эренак бек жана анын 300дон ашуун жоокери, Алтыр улусунан 150 адам курман болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]