Мунжия Еркимбаева

Википедия дан
Еркимбаева Мунжия Закировна‎»‎ барагынан багытталды)
Мунжия Еркимбаева
Жынысы Аял
Туулган датасы 1918
Туулган жери İlçebay
Өлгөн датасы 1976
Өлгөн жери Бишкек
Балдары Токомбаева, Айсулуу Асанбековна, Еркимбаева Офелия, Токомбаева Гүлмира Асанбековна
Кесиби opera singer

Еркимбаева Мунжия Закировна (1918, Башкыр АССРи, Актаныш району - 1976, Фрунзе ш.) - опера ырчысы (колоратуралык сопрано).

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1947). Кыргыз мамлекеттик муз,-драма театры (азыркы Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры) уюшулгандан тартып хордо, кийин солист болуп иштеген.

У. Гаджибековдун «Аршин мал аланынан» Гүлчахранын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Сарыкыздын, «Ажал ордундан» Зулайканын энесинин ролдорун аткарган.

1939-ж. Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасына катышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында артисттер менен Беларусь, Волхов майданындагы жоокерлерге барып, 2500 шефтик концертке катышкан.

М. Раухвергердин «Көкүлүнөн» Гүлайымдын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Көл боюнан» Настянын, «Манастан» Канайымдын, А. Аманбаевдин «Бойдоктор» музыкалык комедиясынан Суусардын ж. б. опералардан партияларды аткарган. 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан.

Дүйнөлүк, кыргыз, орус композиторлорунун арияларын, романстарын ырларын да аткарган.

Театр коллективи менен КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон. «Эмгектеги артыкчылык» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.