Жаан-чачын
Жаан-чачын - жаан – жамгыр, кар жана башка түрүндө жер бетине түшүүчү атмосфералык суу. Ал булуттан жана нымдуу абадан пайда болот. Булуттан жамгыр, ак жаан, нөшөр, өткүн, шыбыргак, мөндүр, кар түрүндө жаайт. Абадан ным, кыроо, бубак, шүүдүрүм түрүндө бөлүнүп чыгат. Жаан-чачындын өлчөмү, жер бетине түшкөн суу кабатынын калыңдыгы мм менен өлчөнөт. Жаан-чачындын Жер шарындагы жылдык орточо өлчөмү 1000 мм (башкача айтканда 500 миң км3 суу). Жаан-чачындын өлчөмү дүйнө жүзүндө бирдей эмес. Эң көп жаан-чачын жааган жер Гавайи аралынын биринде (жылына орто эсеп менен 12500 мм), ал эми Перу менен Чилинин чөлдөрүндө, Сахарада бир нече жылдар бою тамчы тамбай калышы да мүмкүн. Кыргызстандагы эң жаанчыл жер Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталы, анда жылына 1600 ммге чейин жаан-чачын – түшөт. Ысык-Көлдүн батышы эң кургакчыл, анда 110 ммдей. Жаан-чачын – аба ырайы менен климаттын негизги элементи. Айыл чарбасында мааниси чоң.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1