Жабагы

Википедия дан

Жабагыэтноним. Борбор жана Орто Азиядагы түркий уруунун аты. Ж. уруусунун бир бөлүгү кыргыздарга да жуурулушкан. Түрктүн улуу аалымы Махмуд Кашкар (11-к.) йабаку, кыргыз, кыпчактардын көк кылычты алдыга коюп шерттешүү салты жалпы болгондугу тууралуу эскерген. Ошондой кылымдардагы фарсы булактарында "йабаги" аттуу түркий этноним жолугат. "Манас" эпосунда Ж. адамдын энчилүү аты катары эскерилет: "Аскардын уулу Жабагы" (Сагымбай Орозбаков, 1. 238). Бул ысым кыргыз урууларынын бири үчүн этноним болуп калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4