Жаба ( жабай)

Википедия дан

Жаба ( жабай)этноним. Эпос боюнча кырк кан кытай элинин бир уруусу. Алмамбет Бээжинде жүргөн кезинде "жаба журту" менен жоолашып, аларды "жадатып сүргөн" болот. "Чоң казатка" жөнөп баратышканда Манас Бээжиндин жолун, эл-жерин билгендер жөнүндө сурамжылап көрсө, андай киши Алмамбет болуп чыгат:

Ант урган кытай элинде

Жүргөн чороң мен бармын.

Жаба журтун жадатып

Сүргөн чороң мен бармын (Сагымбай Орозбаков, 4. 68).

Алмамбеттин Бээжиндин жайын баяндап айтып берген сөздөрүнүн арасынан Ж. учурайт. Кийин Алмамбет баштаган Манастын колу Бээжиндин жерине жеткенде да ошол Ж-га дуушар болушат: "Андан өтүп Алакең ( Алмамбет ) Аңгүктүн жабай журтуна Аралап кирип барганы" (Сагымбай Орозбаков, 4. 269). Ошондой эле Алмамбеттин кеңеши боюнча Манас Кенжут шаарындагы Айганды (Айган-канды) чапканы барганда да ал жерде "жаба калмагы" бар экендиги эскерилет:

Кигит, жаба журтунун,

Кишиси арбын ушунун...

Кенжуттуктан улугу

Кигиттен болгон уругу,

Кигит өзү калча экен,

Оюнда жаба калмагы

Ойлоп турсак канча экен (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 95, 9-б.).

Эпостогу Ж., жабагы деген душман элдин кимдер экендиги жөнүндө Манас таанууда эки ТҮРДҮҮ көз караш бар: 1) Манас чаап алган "Кенжут", "Кигит" деген эпикалык топонимдерди Индиянын (Кашмирдин) түндүк жагындагы Канжут, Гильгит княздыктарына окшоштурулат жана ошол жерде жашаган Ж„ жабагы дегенди "жаба эли" деп карайт аны иран тилиндеги "джабали" ("тоолуктар") сөзү менен маанилеш деп эсептейт. Бирок Манастын "Кенжут" шаарындагы Айган канга каршы жасаган чабуулу, ал жердеги ар түрдүү элдер (Ж. жабагы жана башкалар) жөнүндөгү маалыматтар чыныгы тарыхый окуялардын (согуштук кагылышуулардын) негизинде жаралбастан Чыгыш Түркстанда (Кашкар, Жаркен, Котон шаарларынын аймактарында) жана Памирде жашаган жергиликтүү кыргыздар аркылуу, ошондой эле Индиянын түндүк тарабындагы өлкөлөр (Кенжут княздыгы жана башкалар) менен кабардар болгон манасчы Сагымбай Орозбак уулу тарабынан эпоско киргизилиши мүмкүн деген. Ошондой эле ал эпикалык окуянын өнүгүшүнө географиялык адабияттардын таасири да тийгени болжол кылынат (Э. Абдылдаев). 2) Манас, Бакай, Алмамбет баш болгон кыргыз жоокерлеринин Ж„ жабай менен эки жолу эки башка жерден — Бээжинден жана Кенжуттан кездешип жоолашканы жөнүндөгү маалыматтар кыргыз элинин башынан өткөргөн турмуш чындыгы катары божомолдонот. Манастын Бээжин, Каңгайга жасаган казаттарын, эпостогу жана башкалар көптөгөн эпизоддорду 11-кылымдын ортосунда (1050—1051-ж.) Кара Иртыштан баскынчылык жортуул жасап келген калмак-кыпчактардын сырдарыялык огуз мамлекетин (9— 11-кылымдарда) биротоло талкалаган согушу менен байланышта карайт да, ошого жараша Ж. жабай дегени Махмуд Кашкар (11-к.) тарабынан катталган огуздардын "ива", "йива" (Толстов, Короглы) же "заба", "зыба" (Орузбаева) деген уруусунун атынан келип чыгышы мүмкүн деп белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4