Жаббарлы Жафар Кафар оглы
| Жаббарлы Жафар Кафар оглы | |
| азерб. جعفر جبارلی, Cəfər Qafar oğlu Cabbarlı | |
| | |
| Туулган датасы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Хызы, Куба уезди, Баку губерниясы, Орусия империясы |
| Өлгөн датасы: |
31 -декабрь 1934 (35 жаш) |
| Өлгөн жери: | |
| Жарандыгы: | |
| Ишмердүүлүгү: |
драматург, акын, театр режиссеру, сценарист |
| Чыгармачылык жылдары: |
1911—1934 |
| Багыты: |
социалисттик реализм |
| Жанр: |
драма, трагедия, поэзия |
| Чыгармаларынын тилдери: | |
| Сыйлыктары: | |
Жаббарлы Жафар Кафар оглы (азерб. جعفر جبارلی, Cəfər Qafar oğlu Cabbarlı), 20-март 1899-жыл, Хызы шаары — 31-декабрь 1934-жыл, Баку) — азербайжан жана советтик драматург, акын, театр режиссеру жана сценарист. Азербайжан ССРинин эмгек сиңирген артисти (1933), азербайжан драматургиясындагы социалисттик реализмдин негиздөөчүсү[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаббарлы Жафар Кафар оглы 1899-жылдын 20-мартында Хызы айылында жакыр дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы 1902-жылы каза болгондон кийин, үч жаштагы Жаббарлы Жафардын үй-бүлөсү Баку шаарына көчүп келген. Тарых илимдеринин кандидаты Нурида Гулиеванын айтымында, ал тат этносуна таандык болгон[2]. Үй-бүлөсү үчүн тат тилинде жомокторду жана ырларды жазган[3].
Алгач Жафар куранды үйрөнүү менен алектенген, андан кийин Бадал-бектин мектебине кирген. Бул мектепте аны Мирза Гадир Исмаилзаде (Микаил Мушфигтин атасы) окуткан. Мектептен чыгарылгандан кийин Жаббарлы окуусун орус-татар мектебинде бүтүргөн. Ал жерде ага Сулейман Сани Ахундов жана Абдулла Шаиг сабак беришкен.
Кийин Иса-бек Ашурбековтин жардамы менен Политехникалык мектептин электромеханика бөлүмүнө кирген. 1915-жылдан баштап чыгармалары жарык көрө баштаган. Бул мезгилде Жафар Жаббарлы "Бабайи-Эмир", "Насреддин молдо", "Дебистан" журналдарында алгачкы ырларын жарыялаган. Бул чыгармаларын "Гаййур-аййар", "Шабранг-аййар" деген каймана аттар менен жарыялаган[4]. Анын алгачкы сатиралык ырлары жана аңгемелери социалдык теңсиздикке, аялдардын укуксуздугуна жана артта калгандыкка каршы багытталган. 1916-жылы Жаббарлы Ирандагы феодалдык деспотияны ашкерелеген "Насреддин-шах" аттуу тарыхый драмасын жазган.
Азербайджан Демократиялык Республикасы мезгилинде ал республиканын парламентинде стенограф болуп иштеген. 1919-жылдан тартып "Мусават" партиясынын мүчөсү болуп, кийин анын жашыруун уюмуна катышкан[4].

1920-жылы Баку мамлекеттик университетнин медицина факультетине кирген, бирок медицинага кызыкпагандыктан көп өтпөй чыгыш таануу факультетине өткөн. Ошол эле учурда Бакудагы Түрк жумушчулар театрынын драма ийримине катышкан. 1929-жылы университетти аяктаган. Жазуучунун кийинки "Айдын" (1922) жана "Октай Эль-оглы" (1923) пьесаларында жергиликтүү буржуазиянын реакциячыл маңызы реалисттик өңүттө сүрөттөлгөн. 1923—1924-жылдары феодалдык Чыгыштагы аялдын трагедиялуу тагдыры тууралуу уламышка негизделген "Кыз мунарасы" поэмасын жазган. 1927-жылы ислам динине жана феодалдык эзүүгө каршы багытталган, легендарлуу көтөрүлүштүн жетекчиси Бабек тууралуу "Оттун келини" аттуу тарыхый трагедиясын жараткан.
1931-жылы ал "1905-жылы" аттуу пьесасын жазып, анда Түштүк Кавказ биринчи орус революциясынын учурундагы "татарлар" (азербайжандар) менен армяндардын ортосундагы этникалык кагылышууларды чагылдырган. Жаббарлы — Глиэр Рейнгольд Морицевичтин "Шахсенем" операсынын экинчи редакциясынын азербайжанча либреттосунун автору жана көптөгөн киносценарийлердин жазуучусу болгон. Ал ошондой эле котормочу болгон. Шекспир Уильям, Шиллер Фридрих, Бомарше Пьер Огюстен Карон де, Толстой Л. Н., Горький М. жана башка көптөгөн орус жана европалык классиктердин чыгармаларын азербайжан тилине которгон.
Жафар Жаббарлы 35 жашында жүрөк жетишсиздигинен каза болгон.
Жаббарлы Жафар Кафар оглынын элесине арналган объектер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жаббарлы Жафар Кафар оглынын ысымынан төмөнкүл объектер атамлган:
- Еревандагы азербайжан драма театры (1930-жылдар).
- "Азербайжанфильм" мамлекеттик киностудиясын (1960).
- Ганжа драма театры.
- Азербайжан мамлекеттик театр музейи.
- Республикалык жаштар китепканасы.
- Бакудагы бир көчө жана метро станциясы.
- 1969-жылы композитор Гаджиев Р. Жаббарлинин элесине музыкалык поэманы арнаган.
- 2023-жылы драматургдун акыркы жылдарына арналган "Жафар Жаббарлы: Азат бир рух" тасмасы тартылган[5].
- (жеткиликсиз шилтеме)Жафар Жаббарлынын 100 жылдыгына арналган марка
- (жеткиликсиз шилтеме)Баку шаарындагы Жафар Жаббарлы көчөсү