Жабдыктерек гипс кени

Википедия дан

Жабдыктерек гипс кени Токтогул районунун аймагында.

Үчтерек кыштагынан 46 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Кен Нарын дарыясын сол жээктей Көкөмерендин чатынан Тунук суусуна чейин 17 км аралыкта созулуп жатат; жазылыгы 50 мден 2500 мге чейин.

Гипс ташкөмүр мезгилинин башталышында пайда болгон тектердин арасында жатат. Гипс ак массивдүү, тарамчалуу, жука катмарчалуу. Кен катмарынын орточо калыңдыгы 75-100 м. Кендин божомолдуу запасы 800 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5