Жабиров Султанмурат

Википедия дан

Жабиров Султанмурат 1916-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • Алгач медреседе окуп, андан сон жети жылдык мектепти аяктап, Фрунзе шаарында 6 айлык мугалимдик курсту бүтүргон.
  • Фрунзеден алган буйуртма кагазынын негизинде, эмгек жолун, Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр мектебинде математика мугалими болуп иштеп баштаган.
  • 1942-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарындагы 6 айлык атайын аскердик даярдыктан өтүп, кичи лейтенант офицердик чини менен, ошол эле жылы согушка кеткен.
  • Ата-Мекендик согушка Кызыл Армиянын 132-Бахмач Кызыл Туулуу аткычтар дивизиясынын, 498-полкунун 7-аткычтар ротасында взвод командири болуп катышкан.
  • 1943-жылы Новоселье-Мутино кыштагындагы чон урушта эрдик көрсөтүп, аскер жетекчилигинин 1943-жылдын 29-сентябрындагы №32-буйругунун негизинде «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган.
  • Андан башка көптөгөн орден, медалдардын ээси болуу менен «Улуу Ата-Мекендик согуштагы каармандык» медалына да татыган.
  • Ушул эле жылы согуш талаасында, душмандын снаряды тийип сол бутунан ажырап, Иркутскийдеги госпиталдагы дарылануудан соң, кичи мекенине кайтат.
  • Согуштан кайткандан кийин, эл агартуу тармагында эмгектенип, 1943-45-жылдары Базар-Коргон районундагы Правда айылында, андан соң, Колот айылында алгачкы мектептерди түптөп, директорлук кызматтарды аркалаган.
  • Ал эмгектери үчүн 1945-жылдын 21-августунда Кыргыз ССР Эл агартуу тарабынан «Эл агартуу ишинин отличниги» наамын алган, жана «жогорку математик» адисинин ээси болгон.
  • Кийин ошол эле райондогу Акман айылындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатып, 1962-жылы (ден-соолугуна байланыштуу) өзү туулуп өскөн Сузак районунун Октябрь айылына келип, өмүрүнүн аягына чейин Дзержинский мектебинде мугалим болуп иштеген.
  • Ал 1973-жылы, 20-июль күнү катуу оорудан көз жумган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3