Жазапул
Жазапул – 1) айыптан түшкөн акча; мыйзамда же келишимде бекитилген учурларда жана тартипте материалдык таасир этүү чарасы. Жарандык укук боюнча – бышманынын бир түрү. Бузулган милдеттенменин суммасынын пайызы, болбосо туруктуу суммада аныкталат. Ж. бекитүү келишимдин аткарылышын камсыз кылат (тийиштүү тараптан аны аткарбай койгондо же ойдогудай орундабаганда өндүрүлөт) жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин чени болуп саналат. Айыптуу төлөбөй коюу шарттарында контрагенттерге төлөнүп берилет; мыйзамда же келишимде алдынала каралган шарттарда айып деңгээлине карабастан, эрежеден сырт өндүрүлүп алынат; 2) административдик укук бузуучуга (кызмат адамына) ыйгарым укуктуу орган, сот (судья) тарабынан мамлекеттик пайдасына салынган акчалай өндүрүү. Айыптын көлөмү административдик тартип бузуу болгон учурда белгиленген эң аз айлык маянанын көлөмүнө, ошондой эле түздөнтүз тартип бузуунун объектиси болуп саналган аткарылган иштин, товар менен унаа каражаттарынын наркына карата пайыздык катышына жараша аныкталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|