Жаздоо

Википедия дан

Жаздоо – көктөм, жазгы жайыт. Жаз алды менен тоо этеги, адыр-белес, дөңсөө-кыр сыяктуу жерлерге көк эрте чыгып, тез жетилет. Жер тоборсуп, оту 12–15 смге жеткенде мал жаздоого чыгарылат. Жазгы көк чөптө малга аш болумдуу азык заттар арбын болгондуктан, мал тез эттенип, төл бат торолот. Жайлоонун чөбү жетилгенче жаздоо кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1