Мазмунга өтүү

Жаилов Жумабек

Википедия — ачык энциклопедия

Жаилов Жумабек - (26. 8. 1955-ж. туулган, Чүй облусу, Москва району, Предтеченка айылы) – экономика илимдеринин доктору (2002), профессор (2007). Айыл чарбасын пландаштыруу боюнча адис. КМУну бүткөн (1977). Кыргыз ССР ИА ЭИде илимий кызматкер (1977–89), Кыргызстан КП БКда кеңешчи (1989–91), «Кыргызагробизнес» борборунун гендиректору (1991–95), КР Экономика министрлигинде бөлүм башчы (1996), КР Өкмөтүнө караштуу Тышкы экономикалык байланыштар агентчилигинде эксперт (1996–97), 1997-жылдан КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык стратегиялар борборунун директорунун орун басары. «Реформа» аттуу эл аралык илим-экономикалык журналдын башкы редакторунун орун басары. 47 илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1