Жайлоо советтери

Википедия дан

Жайлоо советтери – 1927–33-жылдардагы Кыргызстандын тоолуу аймактарында Совет бийлигинин кыска мөөнөткө шайланган уюмдары. Мындай абал же жайлоолордун башкаруу борборунан алыс болушу жана калктын аздыгынан бардык малчыларга жетекчилик кылуу (билим берүү, медициналык жардам көрсөтүү, укук коргоо, маданий-агартуу жана башка) жай мезгилинде кыйынчылык туудурган. Мисалы, эң ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүнө Казакстандын айрым район­дорунан да малчылар келип, жыл сайын алардын саны 6000 түтүнгө чейин жетип, өздөрүнүн туруктуу жашаган административдик-аймактык борборлорунан алыс калышкан. Ошондуктан, алыс жердегилерди сов. жана партиялык уюмдар начар тейлеп же иш жүзүндө жайлоолор уруулар боюнча бөлүштүрүлүп, талаш-тартыш көп болгон. Натыйжада, 1927-ж. 20-февралда Кыргыз АССР БАК «Жайлоо совети жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Ошол эле жылдын жазында Суусамырда убактылуу жайлоо советтерин уюштуруу жөнүндө токтом кабыл алынып, ал жайлоодо бийликти орнотуу, көчмөн малчыларды чарбачылык жана маданий жактан тейлөөнү максат кылган. Кантондук атком кандай укукка ээ болсо, жайлоо советтери дал ошондой укук алып, Суусамыр, Алай, Көк-Ойрок, Арпада жана Ысык-Көлдүн сырттарында түзүлгөн. Жапырт коллективдештирүүнүн башталгандыгына жана жергиликтүү уюмдардын чыңдалганына байланыштуу 1933-ж. жайлоо советтери райондук, айыл советтеринин курамына киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1