Жайсаң Ырчы

Википедия дан

Жайсаң Ырчыманасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14—18-к. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260—1368) мезгилиндеги кытайдын "Цзайсян" деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерээк 14—15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири таралып, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Ж. ы. Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:

Салтанатын көргөндө,

Жайсаңчы ырчы дегени

Жалаң үйдүн порумун,

Жарым күнү ырдаган (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 554-б.) калмак ырчысы катары айтылат. Советтик белгилүү эпос изилдөөчүлөр М. Ауэзов, К. Рахматуллин жана башкалар эмгектеринде "Манасты" жараткан, айтып, эл арасында сактап келген биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө айрым маалыматтар берилет. Манастаануу илиминде биринчи манасчы ким болгон деген суроону койгон жана бул маселе боюнча өзүнүн жоромолун айткан окумуштуу М. Ауэзов болгон. Ал Сагымбай Орозбак уулунун вариантында "Жалаң үйдүн порумун Жарым күнү ырдаган" Жайсаң ырчы деген адам кезигерин эскерип "Манастын" алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4