Мазмунга өтүү

Бекбосун Жайчыбеков

Википедия — ачык энциклопедия
("Жайчыбеков Бекбосун Карабекович‎"‎ барагынан багытталды)
Бекбосун Жайчыбеков
Туулган датасы

27 -ноябрь 1948(1948-11-27)

Туулган жери

Корумду, Түп району, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

6 -сентябрь 2024(2024-09-06) (75 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө

 ССРС
 Кыргызстан

Жанры

Живопись

Стили

балдар китептеринин сүрөтчүсү

Наамдары

– 2007-жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” наамдары ыйгарылган; – 2011-жылы “Даңк” ордени менен сыйланган; – 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” наамы ыйгарылган; – ошондой эле «Түп районунун ардактуу атуулу» жана «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» деген наамдарга ээ болгон.

Бекбосун Жайчыбеков (1948-2024) — Советтик жана Кыргызстандык сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1991). Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). "Даңк" медалынын ээси. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2022).

Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–89), «Кыргызстан» (1996–97), «Адабият» (1989–92), «Шам» (2005–07), «Кут аалам» (2007–10) басмаларында улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү. Түркмөнстан, Беларуссия, Казакстан, АКШ, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.

    Колдонулган адабияттар

    [түзөтүү | булагын түзөтүү]
    • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1