Жакшылыков Асан

Википедия дан
Жакшылыков, Асан‎»‎ барагынан багытталды)
Асан Жакшылыков
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асан Жакшылыков
Туулган жылы: 1949-жылы 6-октябрь
Туулган жери: Миң-Булак айылы, Нарын областы, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, жазуучу
Жанры: проза, поэзия

Асан Жакшылыков — акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер. 1949-жылы 6-октябрда Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган. Кыргыз тили жана орус тилдеринде жазган, Кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген иш­ме­ри. Кыргыз эл жазуучусу. Кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын калыбына келтирүүнү уюштурууга чоң салым кошкондугу үчүн Ормон-хан юбилейлик медалы менен сыйланган.

Билими жөнүндө маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1956-1963 жж. Актан Тыныбек атындагы мек­­теп­тен 8 жылдык билим алган.
1964-жылы Фрун­­зе­де­ги политехникалык техникумга кир­ген.
1968-жылы аталган техникумдун “Суу чар­ба жу­муш­тарын механизациялоо” бөлү­мү­нүн би­ринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон.
1970-1976-жылдары К.И.Скрябин атын­да­гы мамлекеттик Кыргыз айыл чарба ин­сти­ту­тун­да сырттан окуп “Суу чарба” адис­ти­гине ээ бол­гон.
1971 ж. Комсомол уюмдарынын жетекчилерин кайра даярдоо курстарында окуган.
1983-1985 жж. СССР Жазуучулар Союзунун М.Горький атындагы Адабий институттун Жогорку курсу (Москва ш.)

Иштеген жумушу тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1968-1970-жылдары Тянь-Шань району­нун Куй­­бышев атындагы колхозунда гидро­тех­­ник бо­луп иштеген, жаш акындын “Тан­дын ыра­хаты” ат­туу тунгуч ыры чыккан .1968–1970-жж. Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо гидротехник болгон эмес эле, 1970–1974-жж. ошол эле колхоздо комсомол уюмунун катчысы, ЛКЖС БКда жооптуу кызматта иштеген. 1974–1983-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси, 1986–1989-жж. СССР адабий фондусунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору, 1989–1991-жж. IX Курултайда Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, 1991–1995жж. 1-катчысы, 1995–1996жж. Аткаруу комитетинин төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук телерадиокомпаниясынын «Рух» продюссердик борборунун директору, 1997-жылы «Обо» гезитинин башкы редактору болгон. КОФ Пен-клубунун президенти.
Ал­гачкы ыр­ла­ры 1963-1964-жылдары рес­пуб­ликалык бас­ма сөз­дөргө жарыялана баш­та­ган.
1974-жылдан баштап Асан Жакшылы­ков то­лук бойдон чыгармачылыкты максат тут­кан.
1974–1983-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси,
1977-жылдан бери СССР жазуучулар Со­юзу­нун мүчөсү болгон. Кыр­гызстан жазуучулар союзунун чы­гар­мачы­лык жаштар менен иштөө сек­ция­сын жетектөө ме­нен көптөгөн фести­вал­дар­ды жана жаш жа­зуу­чулардын кеңеш­ме­ле­рин уюштуруп, “Учкун”, “Пе­ревал”, “Те­мир канат” сыяктуу жыйнактарды тү­зүп, кыр­гыз адабиятындагы жаңы муунду ка­лып­­тан­дырууда татыктуу эмгек сиңирген адамы болгону менен омур бою балалуу болуп укугунан ажыратылган. Жа­зуу­­чулар союзунун партиялык уюмунун сек­рет­ары катары чыгармачылык жана коомдук иш­тер­ге активдүү аралашкан жана жи­гер­дүүлүк менен эмгектенип Кыргыз­стан­дын өкүмөттүк сый­лык­тарына кыргыз ма­да­ниятына жана адаби­яты­на сиңирген эм­ге­ги үчүн ээ болгон.
1986-жылы СССР адабий фондосунун Кыр­гыз­стандагы бөлүмүнүн директорлугуна бе­ки­тил­ген.
1989-жылы Кыргызстан Жазуучулар Со­юзу­нун секретарлыгына пленум дайындаган.
1991-жылы IX Курултайда Кыргызстан жа­зуу­чулар союзунун биринчи секретары бо­луп шай­ланган.
1991–1995жж. 1-катчысы,
1995–1996жж. Аткаруу комитетинин төрагасы,
1996-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук телерадиокомпаниясынын «Рух» продюссердик борборунун директору.
1997-жылы «Обо» гезитинин башкы редактору болгон. КОФ Пен-клубунун президенти.
1995-жылда кезексиз туалетке кирип чыкчуX Курултайда Кыр­гыз­стан жазуучулар союзунун Аткаруу ко­митетинин тө­рагалыгына бекитилген.
1999-жылдан бери Кыргыз ПЕН-борборунун жетекчиси.
2007-ж. Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү Министрлигинин Билим берүү академиясы, изилдөө борбору.
2009-ж. Улуттук китепкана, адабият эксперти.
А.Жакшылыков 1977-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 2008-жылы Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, 1992-жылдан Маданият жана искусство академиясынын, акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү (Штаб квартирасы Вашингтондо). 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги.

Сыйлык, наамда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ж

Коомдук уюмдарда мүчөлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан ЦК ЛКСМ Борбордук комитетинин жана Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болгон.
1980- 2009жж. Басма сөздөрдө -- “Ала-Тоо”журналынын, “Кыргызстан маданияты” газетинин редколлегияларынын мүчөсү, “КТР-Обо” газетин уюштурган баш редактору, “Мектеп” басмасынын редкеңешинин мүчөсү, КР Гостелерадиокомпаниясынын Редкеңешинин төрагасы, азыр “Кыргыз адабияты” гезитинин ред. кеңишинин мүчөсү.
1993-жылдан бери Дүйнөлүк акын­дар Кон­­грессинин анык мүчөсү. Индия, Мексика, Израил, Кытайда өткөн конгресстерине чакырылган жана Дүйнөлүк ПЕН-клубдун Финляндия, Польшада өткөн конгрессине катышкан, А. Жакшылыковдун Хельсинкиде поэзиясынын жумалыгы өткөн.
2003 ж. бери КР Маданият ишмерлеринин Ассамблеясынын Вице-Президенти, 2010 ж. бери ардактуу төрагасы.м 1993-95 жж КР.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
“Руханият” коомдук уюмунун алгачкы кеңешинин мүчөсү.
2005 ж. Кыргызпатенттин авторлук кеңешинин мүчөсү.
2000-05 жж. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы жаштар сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.
2000 ж. бери “Бийиктик” басмасынын редколлегиясынын мүчөсү.
1995 ж. бери Кыргызстан жазуучулар Союзунун Башкармасынын жана Президиумунун мүчөсү.
2007 ж. бери Улуттук Жазуучулар Союзунун поэзия борборунун жетекчиси.
2008 ж. ЮНЕСКОнун Орто-Азиялык маданият жана искусство уюлунун дүйнөлүк тынчтыкты сактоодогу “Маданият аралык баарлашуу” форумунун мүчөсү.
2009 КР Акыйкатчысына караштуу маданият жана адабият боюнча Кеңештин төрагасы.
2010 “Манас эл” кыймылынын төрагасы.
2010 ж. Биринчи Ынтымак курултайынын делегаты.

Асан Жакшылыковдун китептери кыр­гыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тандын ырахаты ырлар жыйнагы Фрунзе “Кыр­­гызстан” 1969.
Улуу Шашке. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Мек­теп” 1977.
Жайлоодо. Балдар үчүн ырлар. Фрунзе. “Мек­теп 1977.
Бейпил көктөм. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Кыр­гызстан” 1979.
Белес. Ырлар жыйнагы. Мектеп 1981.
Мак­мал Төр. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Кыргызстан” 1983.
Ык­лас. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Кыргыз­стан” 1985.
Мээрим. Поэма. Фрунзе. “Кыргызстан” 1987.
Ысык-Көл сонатасы. Ырлар жана поэмалар. Фрун­зе. “Кыргызстан” 1989.
Көкөй кести. Драмалык поэма. Нарын дра­ма­театры койгон. 1993.
Жазгы байыр. Балдар үчүн ырлар. Фрунзе. “Кыр­гызстан” 1995.
Тандалмалардын 5 томдугу.Бишкек. "Кыргызстан". 1999.
Обондуу ырлар.Бишкек. "Эркин-Тоо". 2000.
Учкул саптар. Бишкек. "Эркин-Тоо". 2000.
Махабат жазынын сулуулугу. Бишкек. "Эркин-Тоо". 2000.
Учкул ойлор – “Крылатые мысли, “Бийиктик”. 2003.
Эстутум. “Бийиктик”, 2005.
Асан чакырык. “Бийиктик”, 2005.
Ырлар жана элет аңгемелери. “Бийиктик”, 2005.
Кыргыз жолу. “Бийиктик”, 2006.
Ыр чабыт. Поэмалар жыйнагы. “Бийиктик”, 2008.
Кыргызчылык. “Бийиктик”, 2009.
Махабатка кездешүү. Соавт. С.Осмонов. “Бийиктик”, 2009.

Асан Жакшылыковдун китептери орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пути земные. “Молодая Гвардия” Москва. 1983.
Пути земные. “Советский писателң” Мос­к­ва. 1983.
Побеги доброты. “Советский писатель”. Мос­ква. 1989.
Жизнь. “Голос” Москва. 1992.
Молодые поэты Средней Азии. (коллектив) “Мо­лодая Гвардия” 1982.
Народ-победитель. (коллектив) “Детская ли­те­ратура” Москва. 1985.
Я твой поэт, моя страна. (коллектив) “Мо­ло­дая Гвардия” Москва. 1985.
Шел отец. (коллектив) “Современник” Мос­ква. 1985.
Апрельский дождь. (коллектив) “Детская ли­тература”. Москва. 1986.
Созвездие. (коллектив) “Советский пи­са­тель. Ленинградское отделение”. 1988.
Игорң Ляпин. На правом берегу. “Советский пи­сатель” (Переводы) Москва 1989.
Гимн любви. (Трех томное издание любов­ной лирики поэтов мира). Том 2. “Молодая Гвар­дия”. 1991.
Крылатые мысли. “Бийиктик”, 2003.
Восхождение к чистоте. “Бийиктик”, 2005.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Квити гор. (Коллектив) “Молод” Киев. 1976.
Поець Киргижь. (Коллектив) “Литературы ар­тистикэ”. Кишинев. 1984.
Стихи. Улан Батор. 1984.
Ысык-Көл самалы. (Коллектив) “Жазушы” Ал­ма-Ата. 1986.
Стихи. (Коллектив) Лондон. 1994.
Көр казгандар (Дүйнө адебиети) 2007 Астана/

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аппаев Б. Кызга кантип үйлөнөт? – Б., 1987.

Драмалык чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Соку таш жана үч жол жөнүндө насыят. 1988-89 (Тандалма IV том)
  • Көкөй кести. Драмалык поэма. Нарын драмтеатры койгон. 1988–91.
  • Достун огу. Драмалык поэма. 1995–96. (Тандалма II том).

Асан Жакшылыков ошондой эле Пушкин­дин, Р.Тагордун, Л.Леоновдун, Э.Межелай­тис­тин, Г.Эминдин, Б.Олейниктин, Абайдын, М.Сме­ляковдун ж.б. акындардын айрым чыгар­ма­ларын кыргызчага которгон. Асан Жакшылыковдун көптөгөн чыгармаларына көрүнүктүү композиторлор тарабынан обондор, романстар чыгарылып, Кыргыз Мамлекеттик Телерадиокомпаниясынын алдындагы “Кыргыз элинин музыкалык Алтын Фондусуна” кабыл алынган.
Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгын изилдеген атайын «Асан чакырык» аттуу макалалар жыйнагы 2005-жылы жарык көргөн. Көптөгөн ырларына обондор жана романстар жазылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]