Эркин Жакшылыков

Википедия дан
Жакшылыков, Эркин‎»‎ барагынан багытталды)

Эркин Жакшылыков Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районуна караштуу Желе-Дөбө айылында жарыкка келген. Балалык чагы кереметтүү көл жээгин бойлоп өткөн. Жети-Өгүз айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Каракол (Пржевальск) шаарындагы педагогикалык жогорку окуу жайынын физика-математика факультетин бүтүрүп, мектепте мугалим, мектеп директору, райондук эл агартуу бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы болуп иштеген. 1973-1989-жылдары Жети-Өгүз райондук партия комитетинде, райондук аткаруу комитетинде эмгектенген. Кийин Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө төраганын орун басары, райондук калкты эмгек менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, калкты социалдык жактан коргоо бөлүмүндө кызмат кылган. Эркин ага кайсы гана жерлерде иш алып барбасын кызматтан тышкары ар түрдүү уюштуруу иштерине жигердүү катышып, Жети-Өгүз райондо шахмат федерациясын жетектеп келген. Көптөгөн жаш шахматчыларды тарбиялап, алар менен бирге бир нече райондук, областтык, республикалык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды камсыз кылган. Эл агартуу майданындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз ССР элге билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган. Айылдык кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.