Жакып кызы Дуса
Көрүнүш
Жакып кызы Дуса (1888-1981) Килемчи. Ноокат аймагындагы Жал конушунда төрөлгөн.
Жергеде килемчиликти өнүктүрүүдө көркөм үлгү тараткан. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өрмөк жана килем дүкөндөрүн куруп, кыз-келиндердин узданууларына насаатчылык кылган. Анын килем бетине түшүргөн үлгүлөрү «Жалбырак көчөтү», «Дуса көчөтү» деген атта айыл арасына тараган. Чебердин өнөктөшү, абысыны Бурайма болгон. Дусанын жекече уздануу аракеттери өз учурунда жазылбай, сүрөткө тартылбай калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0