Мазмунга өтүү

Жакырчылыктын чеги

Википедия — ачык энциклопедия

Жакырчылыктын чеги - Турмуш деңгээлинин көрсөткүчү катары Бүткүл дүйнөлүк банк калктын кирешелерин эмес, чыгашаларын пайдаланууга артыкчылык берип, муну кирешелер жөнүндөгү маалыматтар көп учурда төмөндөтүлүп көрсөтүлө тургандыгы менен түшүндүрөт, анткени рынок шартында кирешелердин жеке жана расмий эмес булактардан байкаларлык өсүшү болот.

Алсак, калктын турмуш деңгээлин 1996-жылдын жазында жана күзүндө Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн «Жакырчылык мониторинги» компоненти боюнча изилдөөнүн натыйжасын талдап чыкканда, жакырчылыктын деңгээлин кирешелер боюнча эсептеп чыккан учурда үй чарбаларынын 76,1%и же калктын 82,3%и жакырчылыктын чегинен төмөн турган болуп чыкты.

Ал эми эсептеп чыгуулар чыгашалар боюнча жасалган кезде, бул көрсөткүчтөр тиешелүү тартипте 62,1 жана 70,7%ке төмөндөдү. Жакырчылыктын чеги адам жашоо тиричилиги үчүн керектей турган калориялардын минимумунун учурунда ар бир адамга жалпы бир айлык чыгашалардын деңгээли катары аныкталган. Андан тышкары, өтө жакырчылыктын көрсөткүчү киргизилет, ал тамак аш азыктарына гана ар бир адамдын чыгашаларынын деңгээли катары аныкталат.

Өтө жакырдыктын чеги өзгөчө калктын көпчүлүк бөлүгү жарды болуп эсептелген кезде зарыл, анткени мында социалдык колдоого өтө муктаж болгон калктын өтө тар чөйрөсү аныкталат. Жакырдыктын бул чегин пайдалануу калктын эң аялуу катмарларын даректүү колдоо боюнча тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууда жана кабыл алууда жардам көрсөтө алат. Эң жарды калкты аныктоо үчүн зарыл болгон өтө жакырдыктын чеги айына 221 сомду түздү жана бул категорияга үй чарбаларынын 18,2%и же калктын 20%ке жакыны камтылды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9